# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 526
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98664>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18970/edition/830692/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98664.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (04.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98664

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 4-октябры № 526 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын материалдык колдоо жана социалдык өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 20-январындагы № 27 "1999-жылга жумушсуздук боюнча негиздик пособиенин өлчөмү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын айрым шаарлары менен райондорун административдик-аймактык жактан бириктирүүгө байланышкан уюштуруу иштери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 2-сентябрыңдагы № 473 "Жумушчуларды өндүрүштөн ажыратуу менен квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоонун башка маселелери жана акы төлөө тууралу Жобону бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 3-сентябрындагы № 475 "Медициналык кызматкерлердин жана республиканын улуттук курама командаларынын, спорттук клубдарынын мүчөлөрү болгон спортчулардын эмгек шарттарын жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү тууралуу" Жобону бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-ноябрындагы № 635 "Чыгармачылык отпускаларды берүү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-августундагы № 498 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруунун, таркатуунун, жүгүртүүнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Казыналык милдеттенмелерин каттоонун мамлекеттик китепчеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-августундагы № 491 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы 656 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун сегизинчи абзацы.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
