# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 524
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18968/edition/896999/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98661.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (23.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98661

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 3-октябры № 524 Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407, 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтомунун 6-п. Кыйыр салыктарды башкаруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан товарлар өткөрүлгөн жана эсепке алынган датаны аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 11-декабрындагы № 226 "2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Мыйзамына, Жогорку Евразия экономикалык кеңештин 2015-жылдын 16-октябрындагы № 22 "Дүйнөлүк соода уюмуна Казакстан Республикасынын кошулуусуна байланышкан айрым маселелер жөнүндө" чечимине, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесинин 20-пунктунун 3-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата коштомо кагазды милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеги жана товарларды ташып келүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына бекитилген биргелешкен аймактык мобилдик топторду түзсүн жана товарларды эсепке алынбай ташып келүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү боюнча талаптарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча контролдук-ыкчам жана рейддик иш-чараларды жүргүзүүнү уюштурсун.

3. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүнө кирген күндөн тартып Талас облусунун Манас районунда ("Чоң-Капка-автожол"), Чүй облусунун Панфилов районунда ("Чалдыбар автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Ак-Тилек автожол"), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Ак-Жол автожол") жайгашкан кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарына карата ушул токтомдун 1-пунктунун колдонулушу токтотулат. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 554 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө" токтому.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

С.Жээнбеков

2-тиркеме Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке адамдар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата коштомо кагазды милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеги жана товарларды ташып келүү боюнча сунушталган МИНИМАЛДЫК ЧЕНЕМДЕР

№

ТЭИ ТН коду

Позициянын аталышы

Өлчөө бирд.

Саны

1

01

Бодо мал

баш

3

2

Кой-эчки

баш

5

3

Башка тирүү малдар

баш

10

4

02

Бодо малдын эти

кг

20

5

Кой-эчкинин эти

кг

50

6

Канаттуулардын эти

кг

50

7

Башка эт жана тамак-аш эти субпродуктулар

кг

70

8

Тирүү балык

кг

20

9

Тоңдурулган балык

кг

20

10

Башка балыктар жана рак сымалдар, моллюскалар жана суудагы башка омурткасыздар

кг

20

11

04

Сүт азыктары

литр

20

12

Ак май

кг

20

13

Сыр жана быштак

кг

20

14

Жумуртка

даана

60

15

Накта бал

кг

10

16

Малдан алынуучу башка тамак-аш продуктулары

кг

20

17

07

Картошка

кг

100

18

Томаттар

кг

100

19

Пияз

кг

100

20

Капуста

кг

100

21

Сабиз

кг

100

22

Бадыраң

кг

100

23

Буурчак жашылчалары

кг

100

24

Башка жашылчалар жана айрым жегенге жарамдуу тамыры азык жана тамыры түймөк өсүмдүктөр

кг

100

25

08

Жаңгактар

кг

50

26

Банандар

кг

50

27

Курма, инжир, ананас, авокадо, гуайява, манго

кг

50

28

Цитрус мөмөлөрү

кг

50

29

Жүзүм

кг

50

30

Коон, дарбыз

кг

50

31

Алма, алмурут жана айва

кг

50

32

Кызыл өрүк, алча жана гилас, шабдаалы, кара өрүк

кг

50

33

Башка кургатылган жемиштер жана жаңгактар; цитрус мөмөлөрүнүн кабыгы же коондун кабыгы

кг

50

34

09

Кофе

кг

10

35

Чай

кг

10

36

Башка кофе, чай, мате, же парагвай чайы, жана татымалдар

кг

10

37

10

Буудай

кг

300

38

Кара буудай

кг

300

39

Арпа

кг

300

40

Сулу

кг

300

41

Жүгөрү

кг

300

42

Күрүч

кг

300

43

Башка дандар

кг

300

44

11

Ун

кг

200

45

Угут

кг

200

46

Крахмал

кг

100

47

Ун-акшак өнөр жайынын башка продукциясы

кг

200

48

15

Малдан жана өсүмдүктөн алынуучу тоң майлар жана суюк майлар

кг

50

49

Өсүмдүктөн же малдан алынуучу башка тоң майлар жана суюк майлар

кг

50

50

16

Колбасалар

кг

20

51

Эт субпродуктулары

кг

20

52

Даяр же консерваланган балык

кг

20

53

Эттен, балыктан жасалган башка даяр продуктулар

кг

20

54

17

Кант

кг

50

55

Кондитер азыктары

кг

50

56

Канттан жасалган башка азыктар

кг

50

57

19

Ундан жасалган даяр тамак-аш продуктулары

кг

50

58

Макарон азыктары

кг

50

59

Нан, ундан жасалган кондитер азыктары

кг

50

60

Ундан жасалган башка кондитер азыктары

кг

20

61

22

Минералдуу жана газдалган суулар

литр

20

62

Угуттуу пиво

литр

20

63

Жүзүм шарабы

литр

10

64

Спирт ичимдиктери

литр

10

65

Этил спирти

литр

10

66

Уксус

литр

10

67

Башка алкоголдуу жана алкоголсуз суусундуктар

литр

50

68

24

Тамеки сырьесу

кг

20

69

Башка тамеки жана өнөр жайлык тамекини алмаштыруучулар

кг

20

70

25

Туз

кг

50

71

Мрамор, травертин

кг

200

72

Гранит

кг

200

73

Майда таш, гравий, шагыл же майдаланган таш

кг

4000

74

Гипс

кг

300

75

Акиташ

кг

300

76

Портландцемент, цемент

кг

1000

77

Цемент

кг

1000

78

Асбест

кг

300

79

Башка топурак жана таш, шыбак материалдары

кг

500

80

27

Таш көмүр, брикеттер

кг

4000

81

Кокс

кг

4000

82

Автомобиль бензини

литр

Бак жана 20

83

Дизель отуну

литр

Бак жана 20

84

Мотор майлары

литр

50

85

Башка отундар

литр

Жогоруда көрсөтүлгөн позициядан ашпаган санда

86

30

Дары каражаттары

даана

Эки аталышта, 10 даанадан ашык эмес

87

Башка фармацевт продукциясы

даана

Эки аталышта, 10 даанадан ашык эмес

88

31

Малдан же өсүмдүктөн алынуучу жер семирткичтер

кг

1000

89

Башка жер семирткичтер

кг

1000

90

32

Сырлар жана лактар; мастика шпатлевкасы

литр

50

91

Башка боёчу заттар; мастика; полиграфия боёгу, сыя, тушь

литр

50

92

33

Атыр

таңгак

Эки аталышта, 3төн ашык эмес

93

Атырлуу суу

таңгак

Эки аталышта, 3төн ашык эмес

94

Башка эфир майлары жана резиноиддер; парфюмердик, косметикалык же атыр каражаттары

таңгак

Эки аталышта, 3төн ашык эмес

95

34

Самын

таңгак

20

96

Башка жуучу каражаттар, үстүңкү-активдүү органикалык заттар, жуучу каражаттар, майлоочу материалдар, жасалма жана даяр момдор, тазалоо же жылмалоо үчүн курамдар, шамдар жана окшош буюмдар, жабыштырып жасоо үчүн пасталар, пластилин "тиш дарыгеринин мому" жана тиш дарыгеринин гипстин негизиндеги курамдары

кг

20

97

36

Фейерверктер

даана

20

98

Башка пиротехникалык буюмдар

даана

20

99

39

Түтүктөр, түтүкчөлөр, шлангдар жана алардын фитингдери, пластмассадан жасалган

даана

50

100

Ванналар, душтар, раковина, биде, унитаздар, пластмассадан жасалган

даана

2

101

Ашкана идиштери, пластмассадан жасалган

даана

50

102

Пластмассадан жасалган башка буюмдар

даана

50

103

40

Жаңы резина шиналары жана покрышкалары

даана

8

104

Мурда колдонууда болгон резина шиналары жана покрышкалар

даана

8

105

Резина камералары

даана

8

106

Башка каучук, резина жана алардан жасалган буюмдар

даана

5

107

41

Бодо малдын иштетилбеген терилери

даана

5

108

Кой-эчкинин иштетилбеген терилери

даана

5

109

Ийленген булгаары

даана

2

110

Башка иштетилбеген терилер (накта мехтен тышкары) жана өңдөлгөн булгаары

даана

5

111

42

Саквояждар, чемодандар, аялдардын сумкалары

даана

5

112

Накта булгаарыдан жасалган башка буюмдар (жибек куртунун фиброининин буласынан тышкары)

даана

5

113

44

Иштетилбеген жыгач материалдары

м3

10

114

Тактайлар

м3

10

115

Желимделген фанера

м3

10

116

Башка жыгачтар жана алардан жасалган буюмдар; жыгач көмүрү

м3

10

117

46

Токулган жана токуу үчүн материалдан жасалган ошол сыяктуу буюмдар

даана

10

118

Башка токулган буюмдар

даана

10

119

47

Жыгачтан же башка булалуу целлюлоза материалдарынан масса; регенирленген кагаз же картон

м3

5

120

48

Кагаз жана картон; кагаз массасынан буюмдар, кагаз же картон

даана/кг

10 же 50

121

49

Басма китептер, гезиттер, репродукциялар жана полиграфия өнөр жайынын башка буюмдары

даана

10

122

Башка басма продукция

даана/кг

10 же 50

123

50

Жибек

кг/метр

20

124

Жибектен жасалган башка буюмдар

кг/метр

20

125

51

Жүн

кг

20

126

Жүн жиптен жасалган кездемелер

кг/метр

10

127

52

Пахта

кг

20

128

Пахтадан жасалган башка буюмдар

даана

10

129

55

Синтетика булаларынан жасалган кездемелер

кг/метр

10

130

Химиялык буладан жасалган башка буюмдар

даана

10

131

57

Килемдер

даана

2

132

Башка килемдер жана текстиль полго салынуучу жабуулар

даана

2

133

59

Линолеум

метр

10

134

Башка текстиль материалдары

метр

10

135

61

Пальто, кыска пальто, жамынма, плащь, күрмө, ветровка, штормовка

даана

2

136

Костюмдар, комплекттер, пиджактар, блайзерлер, шымдар, комбинезондор

даана

2

137

Көйнөктөр

даана

10

138

Блузкалар, блузылар

даана

10

139

Кальсондор, трусылар, ич көйнөктөр, пижамалар, мончого кийүүчү халаттар, үйдө кийүүчү халаттар

даана

10

140

Майкалар, жеңи менен фуфайкалар жана башка машина же кол менен токулган трикотаж фуфайкалары

даана

10

141

Свитерлер, пуловерлер, кардигандар, жилеттер

даана

5

142

Балдар кийими

даана

10

143

Спорттук костюмдар

даана

5

144

Колготкилер, чулкилер, гольфалар, байпактар

даана

20

145

Мээлейлер, кол каптар

даана

5

146

Башка кийим предметтери

даана

5

147

63

Жууркандар жана пледдер

даана

5

148

Ич кийим

даана

10

149

Көшөгө

даана

5

150

Брезенттер; чатырлар

даана

2

151

Башка даяр текстиль буюмдары

даана

5

152

64

Бут кийим

даана

10

153

Башка бут кийим

даана

10

154

65

Шляпалар

даана

3

155

Башка баш кийим жана алардын бөлүктөрү

даана

3

156

66

Зонттор

даана

5

157

Күндөн коргоочу башка зонттор, тросттор, отургучтар, атка минүү үчүн чыбыктар, камчылар жана алардын бөлүктөрү

даана

5

158

68

Брусчатка, бордюр таштары жана плиталары

даана

200

159

Иштетилген таш

даана

200

160

Цементтен, бетондон же жасалма таштан жасалган буюмдар

даана

200

161

Гипстен, цементтен, асбесттен, слюдадан же ошол сыяктуу материалдардан жасалган башка буюмдар

даана

100

162

69

Кыштар, блоктор, плиткалар

даана

1000

163

Отко чыдамдуу кыштар

даана

1000

164

Башка керамика буюмдары

даана

5

165

70

Айнек тактасы

даана

10

166

Айнек күзгүлөр

даана

5

167

Ашкана идиши

даана/ компл.

20/3

168

Айнек буюмдар жана алардан жасалган башка буюмдар

даана/ компл.

20/3

169

71

Табигый же жасалма бермет, кымбат баалуу же жарым-жартылай кымбат баалуу таштар, кымбат баалуу металлдар, кымбат баалуу таштар менен жасалгаланган металлдар жана алардан жасалган буюмдар; бижутерия; тыйындар

даана

10

170

Кымбат баалуу металлдардан жана таштардан жасалган башка буюмдар

даана

10

171

72

Кара металлдар

кг

1000

172

Башка кара металлдар

кг

1000

173

73

Кара металлдардан жасалган буюмдар

даана

1000

174

Кара металлдардан жасалган башка буюмдар

даана

1000

175

74

Жез жана андан жасалган буюмдар

кг

1000

176

Башка жез жана андан жасалган буюмдар

даана

1000

177

76

Алюминий жана андан жасалган башка буюмдар

кг

1000

178

Башка алюминий жана андан жасалган буюмдар

кг

1000

179

78

Коргошун жана андан жасалган буюмдар

кг

1000

180

Башка коргошун жана андан жасалган буюмдар

кг

1000

181

82

Кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган аспаптар, шаймандар, бычак буюмдары, кашыктар жана аш айрылар, шаймандар, кымбат баалуу эмес металлдардан алардын бөлүктөрү

даана

50

182

83

Кымбат баалуу эмес металлдардан башка буюмдар

даана

10

183

84

Казандар

даана

2

184

Насостор

даана

2

185

Машиналар, жабдуулар жана станоктор

даана

2

186

Аспаптар

даана

10

187

Башка жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр

даана

2

188

85

Кыймылдаткычтар

даана

2

189

Трансформаторлор

даана

2

190

Аккумуляторлор

даана

3

191

Башка электр машиналары жана жабдуулар, алардын бөлүктөрү, үн жазуучу жана үн чыгаруучу аппаратура, сүрөттөрдү жана үндөрдү жазуу жана теле көрсөтүү үчүн аппаратура, алардын бөлүктөрү

даана

2

192

87

Темир жол же трамвайдын кыймылдуу курамынан тышкары, жер бетинде жүрүүчү транспорт каражаттары жана алардын бөлүктөрү

даана

1

193

Башка транспорт каражаттары жана алардын бөлүктөрү

даана

1

194

89

Кемелер, кайыктар

даана

1

195

Башка сүзүүчү конструкциялар

даана

1

196

90

Оптикалык, фотографиялык, кинематографиялык, өлчөө, контролдоо, прецизиондук, медициналык же хирургиялык аспаптар жана аппараттар; жана алардын бөлүктөрү

даана

5

197

Башка приборлор жана түзүлүштөр

даана

5

198

91

Бардык түрдөгү сааттар жана алардын бөлүктөрү

даана

5

199

92

Музыкалык аспаптар; алардын бөлүктөрү жана тетиктери

даана

5

200

94

Эмерек

даана

2

201

Медициналык, хирургиялык, стоматологиялык же ветеринариялык эмеректер

даана

2

202

Матрас үчүн негиздер; шейшеп-жаздык каптар жана ушуга окшош буюмдар

даана

10

203

Башка эмеректер жана анын бөлүктөрү

даана

2

204

95

Оюнчуктар, оюндар жана спорттук инвентарь жана алардын бөлүктөрү, тетиктери

даана

10

205

97

Көркөм өнөр чыгармалары, коллекциялоо предметтери жана антиквариат

даана

5

Эскертүү: Ушул тизме төмөнкүлөргө таркалбайт:

1) Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынган же чектелген товарларга;

2) ишкердик максаттарда колдонулган товарларга.
