Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2016-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 23-сентябры № 502 2016-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө Пенсионерлердин турмуш деңгээлин мындан ары колдоону камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2016-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү 2016-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкүдөй шкала боюнча жогорулатылсын:
- жалпы өлчөмү 10000 сомду түзгөн жана ага жетпеген пенсиялар үчүн 15 пайызга, бирок 350 сомдон кем эмес;
- жалпы өлчөмү 10001 сомду түзгөн жана андан жогору пенсиялар үчүн 8 пайызга.
Мында экинчи шкала боюнча пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн көбөйтүлгөн өлчөмү биринчи шкала боюнча пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн көбөйтүлгөн өлчөмүнөн төмөн болбошу керек. Ушул пунктта көрсөтүлгөн, жогорулатылып жаткан пенсиялардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген үстөк акыларды жана компенсациялык төлөмдөрдү эске албастан аныкталат.
2. 1-топтогу майыптарга "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык майыптыгы боюнча 2016-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялар мыйзамдарда белгиленген үстөк акыларды жана компенсациялык төлөмдөрдү эске алуу менен 2016-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкүдөй жогорулатылсын:
- өлчөмү 4700 сомго жетпеген жана аны түзгөн пенсиялар - 4700 сомго жеткирилет, бирок 350 сомдон кем эмес;
- өлчөмү 4701 сомду түзгөн жана андан жогору пенсиялар - ушул токтомдун 1-пунктунун экинчи-төртүнчү абзацтарына ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялардын өз убагында кайра эсептелишин жана алардын жаңы өлчөмдөрдө төлөнүшүн камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 368 "2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.06.2017 · № 368 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 148-1/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылга карата экономикалык саясаттын негизги…Постановление · 13.03.2017 · № 148-1/1 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57