# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 499
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98635>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18946/edition/786280/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98635.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (21.09.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98635

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 21-сентябры № 499 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясын өзгөртүп түзүүгө байланышкан уюштуруу маселелерин чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтун түзүү маселелери жөнүндө";

- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтун түзүү менен байланышкан уюштуруу жана башка маселелерди чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-пункттар менен толукталсын:

"2-1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясы Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборун Кыргыз билим берүү академиясынан бөлүп чыгаруу жана анын базасында мамлекеттик мекеме болгон "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтун" түзүү аркылуу өзгөртүп түзүлсүн. 2-2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алты айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу-техникалык, укуктук жана башка маселелерди чечсин.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
