Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 16-сентябры № 496 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекова демилгелеген "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекова демилгелеген "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Л.Султанбекова демилгелеген "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, сунуш кылынган мыйзамдын долбоорун кабыл алууну төмөнкү негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт. Спорттук бирикмелерди (федерацияларды, союздарды, ассоциацияларды) мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу органдын кат жүзүндө уруксат берүүсү болгондо гана жүргүзүү федерациялар жана дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу органдын ортосунда кызыктардын кагылышуусуна алып келет, себеби, мыйзамдарга ылайык бир эле федерация аккредитациядан өтөт жана мамлекет тарабынан финансылык жардам алууга укугуна ээ болот. Ал эми ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги спорттун бир эле түрү боюнча бир канча спорттук бирикмелерди каттоодон өткөрөт. Мындай өзгөртүүлөр "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген, дене тарбиясын жана спортту уюштуруунун жана башкаруунун негизги принциптерин бузууга алып келет, атап айтсак: дене тарбия жана спорт системасындагы демократизмды жана спорт уюмдарынын өз алдынчалуулугун жана көп түрдүүлүгүн таанууну бузат. Ушул эле Мыйзамдын 8-беренесинин биринчи абзацында, Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт жагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатында дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багытта иштеген коомдук бирикмелердин тармагы каралган. Ушул себепке байланыштуу, дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багытта иштеген коомдук бирикмелердин иштерин өз алдынча жөнгө, тартипке салууга мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейбиз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 649 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында спорттун айрым түрлөрү боюнча дене тарбия-спорт бирикмелерин (федерациялар, союздар, ассоциациялар) аккредитациялоо жөнүндө жобого ылайык, дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир 4 жылда федерацияларды аккредитациядан өткөрүп турат. Спорттун бир эле түрү боюнча спорттук уюмдардын (федерация, союз, ассоциация) көп болуусу күчтүү конкуренцияны жана анын ичинде мамлекеттен финансылык колдоону алууну камсыздайт, ал өз учурунда дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипке толук жооп берген спорттук уюмдарды аккредитациядан өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн маалыматтардын базасында аккредитациядан өткөн спорттун ошол эле түрү боюнча башка спорттук уюмдардын бардыгы, мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн спорттук уюмдардын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүүдөн баш тартуусу, ар бир 4 жылда аккредитация өткөргөн дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын спорттук уюмдарды тандоо укугун чектөөгө алып келет. Ушуну менен катар, буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекова тарабынан "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамга окшош маанидеги Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору демилгеленген, ал аталган Мыйзамдын 10-беренесине спорттук бирикмелерди (федерацияларды, бирликтерди, ассоциацияларды) мамлекеттик каттоо үчүн дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун алууга багытталган түзөтүүнү караган. Мыйзамдын бул долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 1-ноябрындагы № 2455-V токтому менен кабыл алынган. Бирок мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайра кайтарылган. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 4306-V токтому кабыл алынган, аны менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдугун билдирген жана жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун четке каккан. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 4306-V "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 11.09.2014 · № 4306-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 1-ноябрындагы № 2455-V "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо…Постановление · 01.11.2012 · № 2455-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 16 октября 2003 года №649 " Об аккредитации физкультурно-спортивных объединений (федераций, союзов, ассоциаций) по различным видам спорта в…Постановление · 16.10.2003 · № 649 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды, филиалдарды (окулчулукторду) мамлекеттик каттоо жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортуу киргизуу тууралууЗакон · 15.07.2009 · № 207 · Күчүн жоготкон