Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 марта 2022 года № 183 "О Координационном совете по макроэкономической и инвестиционной политике при Кабинете Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 21-июлу № 410 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин ишин координациялоону күчөтүү жана оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин курамы:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;"; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "социалдык блок маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;"; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-мартындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат…Постановление · 30.03.2022 · № 183
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2011 · № 215 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-мартындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат…Постановление · 30.03.2022 · № 183
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2011 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон