Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасын жана текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-июлу № 398 Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасын жана текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүмүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин формасы 1-тиркеме ылайык;
- текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- текшерүүлөрдү эсепке алуу китебин жүргүзүү;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын текшерүүлөрүн каттоо жана эсепке алууну жүргүзүү ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартибине ылайык ишке ашырылат.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
1-тиркеме Форма Текшерүүлөрдү эсепке алуу КИТЕБИ ___________________________________________________________________________ (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын толук аталышы, дареги)
№
Текшерүү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы
Текшерүү башталган дата
Текшерүү аяктаган дата
Текшерүүнүн негизи жана предмети
Текшерүү жүргүзгөн адамдын (адамдардын) аты-жөнү, кызматы
Текшерүү учурунда берилген көчүрмөлөрдүн, документтердин көчүрмө бөлүктөрүнүн тизмеси
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын колу
1
2
3
4
5
6
7
8
2-тиркеме Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрүн каттоо жана эсепке алуу эрежелерин аныктайт.
2. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурат, жүргүзөт жана расмий документ болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими менен аны жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу адам дайындалат.
3. Шаар кеңеши жана шаардын мэриясы текшерүүлөрдү эсепке алуунун өзүнчө китебин жүргүзүшөт.
Айыл кеңеши жана айыл өкмөтү текшерүүлөрдү эсепке алуунун бирдиктүү китебине же өзүнчө китебине ээ болушу мүмкүн.
4. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча жүргүзүлөт.
5. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин ар бир барагына номер коюлат жана боо тагылат, тигилген барактардын саны иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкердин колу менен күбөлөндүрүлөт жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мөөрү басылат,
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы текшерүүнү жүзөгө ашыруу башталганга чейин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинде катталууга милдеттүү.
Бул учурда текшерүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, текшерүүнүн предметин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин текшерүү жөнүндө чечиминин (тескеме, буйрук, көрсөтмө) көчүрмөсүн берүүгө тийиш. Текшерүүчү(лөр) жөнүндө маалыматтар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине жазылат жана ага текшерүүчү кол коёт.
7. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине катталбай туруп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин текшерүүгө жол берилбейт.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан текшерүүлөрдү каттоо китебин алып коюуга тыюу салынат. Зарыл болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет.
9. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 токтому менен бекитилген Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин типтүү тизмесинин 60-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында сакталат жана белгиленген тартипте архивге тапшырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 47 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (47)
- Петровка айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 76-7 «Петровка айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 26.12.2018 · № 76-7
- Арал айылдык кеңешинин 2023-жылдын 3-февралындагы № 149 "Арал айыл өкмөтүнүн иш регламентин, Эмгек Келишимин, кызматкерлердин иш милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2023 · № 149
- Кыргыз-Ата айылдык кенешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 7-11 “Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө ” токтомуПостановление · 20.12.2017 · № 7-11
- Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин 2018-жылдын 9-апрелиндеги № 8 “Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн Жергиликтγ ѳз алдынча башкаруу типтγγ регламентин бекитγγ жѳнγндѳ” токтомуПостановление · 09.04.2018 · № 8
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн" регламентиРегламент · 23.12.2022 · № 12-4
- Айыл өкмөтүнүн (Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 68 токтомуна ылайык) Типтүү РегламентиТиповой регламент · 21.07.2023 · № 68
- Кара-Буура айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 23 "Кара-Буура айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.07.2023 · № 23
- Күнтуу Айыл өкмөтүнүн РегламентиУстав · 10.01.2018 · № 1/1
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 31.03.2016 · № 32
- Төрт-Гүл айылдык аймагынын Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 20-январындагы № 14-4 "Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Регламент бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2025 · № 14-4
- Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Типтүү РегламентиРегламент · 26.12.2019 · № 29/23-5
- Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-февралы № 18-2 "Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.02.2023 · № 18-2
- Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 2 "Савай айыл өкмөтүнүн Типтүү Регламентин бекитип берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.01.2023 · № 2
- Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы №14 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.01.2024 · № 14
- “Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштөө Регламенти “ РЕГЛАМЕНТИ (Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2024-жылынын 19-апрелиндеги №3 токтомуна)Регламент · 19.04.2024 · № 3
- "Терек-Сай айыл өкмөтүнүн Типтүү Регламенти" (Терек-Сай айылдык кеңешинин 2024-жылынын 29-мартындагы №4 токтомуна)Регламент · 29.03.2024 · № 4
- “Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Регламенти” Регламент (Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылынын 07-июнуньдагы №4/2 токтомуна)Регламент · 07.06.2024 · № 4/2
- Папан айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-июлундагы № I "Папан айыл өкмөтүнүн типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.07.2023 · № I
- Айыл өкмөтүнүн Типтүү Регламенти (Алтын-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 41 токтомуна ылайык)Типовой регламент · 15.09.2022 · № 41
- Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 10 "Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн иш Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.02.2023 · № 10
47 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 31.03.2016 · № 32
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы №346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын…Постановление · 31.12.2010 · № 346 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон