# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 397
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18922/edition/972612/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98611.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтому (19.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98611

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы № 491 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-июлу № 397 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 647 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Куткаруусервис" мамлекеттик ишканасын кошуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасы кайра уюштурулсун.

1-1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору" мамлекеттик ишканасынан уставы тиркемеге ылайык бекитилсин. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 647 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасында:

"Куткаруусервис" мамлекеттик ишканасы" деген позиция алып салынсын;

- "Өзгөчө кырдаалдын чара көрүү боюнча механикалаштырылган базалар (Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас)" деген позицияда ", Жалал-Абад" деген сөздөр алып салынсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-апрелиндеги № 89 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Куткаруусервис" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Куткаруусервис" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
