Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «791-796/832-837 МГц, 796-801/837-842 МГц, 801-806/842-847 МГц радио жыштык тилкелерин бөлүштүрүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-июлу № 396 791-796/832-837 МГц, 796-801/837-842 МГц, 801-806/842-847 МГц радио жыштык тилкелерин бөлүштүрүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык) 10 МГц үзгүлтүксүз радио жыштык тилкесин колдонууну камсыз кылуу, ошондой эле коммерциялык пайдалуу 790-862 МГц диапазондогу радио жыштык тилкесин натыйжалуу кайра бөлүштүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги:
- 806-811/847-852 МГц, 811-816/852-857 МГц, 816-821/857-862 МГц радио жыштык тилкелерин ижарага берүүгө келишим түзгөн электр байланыш операторлорунун ортосунда радио жыштыктын ар бир тилкеси үчүн наркы 298803000 сом болгон төмөндөгү жыштык тилкелерин бөлүштүрсүн:
791-796/832-837 МГц; 796-801/837-842 МГц; 801-806/842-847 МГц.
- 10 МГц үзгүлтүксүз тилкени аныктоону эске алуу менен 790-821/832-862 МГц диапазондогу радио жыштык тилкелерин ушул пунктта көрсөтүлгөн операторлордун ар бирине кайра бөлүштүрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирге, электр байланыш операторлору ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акыны төлөгөндөн кийин 791-796/832-837М Гц, 796-801/837-842 МГц, 801-806/842-847М Гц радио жыштык тилкелерин ижарага берүү келишимин түзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттарын республикалык бюджетке которуу үчүн эсеп реквизиттерин берсин.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- "Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Убактылуу Жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 токтому…Положение · 02.09.2014 · № 520
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.11.2017 · № 754
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2016 · № 589
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 "Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө" токтомуПостановление · 02.09.2014 · № 520 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15