# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 393
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18919/edition/1185055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому (29.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98608

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-июлу № 393 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 533, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Эмгек акы төлөө системасын жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу системасында жогорку кесипкөй кадрларды бекитүү жана алардын эмгегине дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маянасын эсептөө үчүн негиз болуп эсептелген 7000 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка белгиленсин.

2. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикте саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмүн белгилөө үчүн эселик коэффициенти, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн белгилөө үчүн эселик коэффициенти, 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдарына пайыздык кошумчалардын өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык чен үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү, 4-тиркемеге ылайык;

- ченемге салынбаган жумушчу күн үчүн кызматтык маянага кошумчалардын өлчөмү 30 пайызга чейин.

3. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Төмөндөгүлөр белгиленсин:

- дем берүүчү төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин эки айлык орточо эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө жарым жылдын жана жыл ичиндеги ишинин жыйынтыгы боюнча берилет;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлери өргүүгө чыгууда эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул төлөнүп берилет.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 10-тиркемесинин 25-1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомунун 12-пункту.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков

1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикте саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмүн белгилөө үчүн эселик коэффициенти (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)

№

Кызмат орду

Эселик коэффициенти

1

Директор

4,1

2

Директордун орун басары

3,9

2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн белгилөө үчүн эселик коэффициенттер

№

Мамлекеттик кызмат орундарынын классификациясы

Эселик коэффициенттер

1

Жогорку "А"

4,00

2

Жогорку "Б"

3,65

3

Башкы "А"

3,18

4

Башкы "Б"

2,65

5

Улук "А"

2,21

6

Улук "Б"

1,84

7

Кенже "А"

1,53

8

Кенже "Б"

1,28

3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү

№

Эмгек стажы

Иштеген жылдары үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү(%)

1

1ден 3 жылга чейин

5

2

3төн 5 жылга чейин

10

3

5тен 10 жылга чейин

15

4

10дон 15 жылга чейин

20

5

15тен 20 жылга чейин

25

6

20дан 25 жылга чейин

30

7

25 жылдан жогору

40

4-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин кызматтык маяналарына класстык чен үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү

№

Класстык чен

Кошумчалардын өлчөмдөрү (сом менен)

1. Жогорку кызмат орун

1

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

1800

2

Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

1700

3

Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

1600

2. Башкы кызмат орун

4

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси

1400

5

Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси

1300

6

Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси

1200

3. Улук кызмат орун

7

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору

1000

8

Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору

900

9

Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору

800

4. Кенже кызмат орун

10

Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору

600
