# Саламаттык сактоо тармагындагы 2016-2025-жылдарга карата инвестициялык ПРОГРАММА (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 359 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Саламаттык сактоо тармагындагы 2016-2025-жылдарга карата инвестициялык ПРОГРАММА (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 359 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Программа
- Номери: 359
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98604>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/53-285/edition/749455/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98604.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саламаттык сактоо тармагындагы 2016-2025-жылдарга карата инвестициялык ПРОГРАММА (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 359 токтому менен бекитилген) (30.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98604

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 359 токтому менен бекитилген

Саламаттык сактоо тармагындагы 2016-2025-жылдарга карата инвестициялык ПРОГРАММА

1. Киришүү

Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо саясатындагы негизги системалуу маселелердин бири болуп медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу, ошондой эле саламаттык сактоо системасын каржылоону өркүндөтүү саналат. Мындай негизги маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын 1996-2006-жылдарга карата реформалоонун Улуттук "Манас" программасы жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасы аркылуу жүзөгө ашырылган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасы (мындан ары - "Ден соолук" программасы) иштеп жатат. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтому менен бекитилген жана жогоруда аталган улуттук программалардын логикалык уландысы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында (мындан ары - Стратегия) мамлекеттик социалдык саясаттын 2013-2017-жылдарга карата негизги багыттары көрсөтүлгөн жана алар өлкөнүн жарандарынын социалдык кепилдиктери жөнүндө конституциялык жоболордун мамлекет тарабынан аткарылышына, азыркы учурдагы талаптарды жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Кыргызстандын гуманитардык өнүгүүсүнүн маселелерин чечүүгө, ошондой эле жарандардын социалдык укуктарын камсыздоо боюнча эл аралык милдеттенмелердин аткарылышына басым жасайт. Стратегияда белгиленген негизги багыттарды эске алып жана "Ден соолук" программасын ишке ашырууну улантуу үчүн Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясы ("Ден соолук - 2020") иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген. Аталган Стратегия ар кыл ооруларды натыйжалуу профилактикалоо үчүн керектүү социалдык, экономикалык жана башкаруучу шарттарды түзүүгө, сектор аралык ыкманын негизинде жана тилектештик принциптерин сактоо менен саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган. Жогоруда айтылган программалардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республиканын саламаттык сактоо системасын каржылоо жана башкаруу, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча реформаларды жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелерди алган. Саламаттык сактоо системасындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу маселеси саламаттык сактоо секторундагы материалдык-техникалык базанын, инфраструктуранын өнүгүүсүнүн жана заманбап жабдуулардын болуусу менен тыгыз байланыштуу. Ушуга байланыштуу приоритеттүү багыттарды аныктоо жана тармакка инвестициялык колдоо көрсөтүү үчүн ушул Саламаттык сактоо тармагындагы 2016-2025-жылдарга карата инвестициялык программа (мындан ары - Инвестициялык программа) иштелип чыккан.

2. Саламаттык сактоо секторундагы учурдагы абал

§ 1. Саламаттык сактоо системасындагы саламаттык сактоону реформалоо боюнча улуттук программалардын алкагындагы жетишкендиктер Саламаттык сактоону каржылоо көлөмү көбөйдү, анын ичинде донордук каражаттар жана жүргүзүлгөн структуралык өзгөртүүлөрдүн эсебинен да көбөйдү. Финансы каражаттарынын өлчөмүнүн көбөйүүсү калкты социалдык жактан коргоо, медициналык жардамдан пайдаланууну жана анын натыйжалуулугун арттыруу жагында бир топ натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берди. 2006-жылдан тартып саламаттык сактоо системасын реформалоо кеңири сектордук ыкмага (SWАр) негизделген принциптерде жүзөгө ашырылууда, анын алкагында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр өздөрүнүн финансылык жардамдарын саламаттык сактоо секторун реформалоо боюнча артыкчылыктуу маселелерди чечүүгө багытташууда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда тыгыз кызматташуу жана диалог үчүн шарттар түзүлүүдө. Кеңири сектордук ыкманын SWАр-2 жардамы менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - ССМ) "Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү - 2" долбоорун ишке ашыруунун алкагында саламаттык сактоо системасын реформалоонун улуттук программаларын жүзөгө ашыруу боюнча андан аркы иштерди жүргүзүүдө. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр артыкчылыктуу маселелерди чечүүгө өз жардамдарын беришти, жүзөгө ашыруу процессин мониторингдөө үчүн биргелешкен процесстер менен инструменттер түзүлдү. SWАр долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн иштер донордук каражаттарды синхрондоштуруунун жана саламаттык сактоо секторунда ишке ашырылуучу бардык иш-чараларды координациялоонун деңгээлин жакшыртууда жакшы натыйжаларды берди. 2014-жылы SWАр долбоорунун эсебинен сатып алуулар боюнча төмөнкү тендерлер өткөрүлгөн:

- Бишкек шаарынын № 1, № 2 төрөт үйлөрү, Бишкек жана Ош шаарынын перинаталдык борборлор үчүн медициналык жабдуулар жана инструменттер, аймактык ооруканалар үчүн рентгендик аппараттар, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз мамлекеттик Даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча медициналык институт жана медициналык орто окуу жайлары үчүн клиникалык эмес жабдуулар (микроскоптор);

- М.М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту жана Ош облус аралык бириккен клиникалык оорукана үчүн жабдуулар;

- Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Чүй облустук төрөт бөлүмдөрү менен Улуттук эне жана баланы коргоо борбору үчүн реанимобилдер.

2015-жылы SWАр-2 долбоорунун алкагында төмөнкүлөр сатып алынды:

- төрөт үйлөрү (Бишкек шаарынын № 1 жана № 2 төрөт үйү), Бишкек шаарынын перинаталдык борбору, Ош шаардык перинаталдык борбору) үчүн жалпы суммасы 1,2 млн. АКШ долларына медициналык жабдуулар жана инструменттер;

- рентген аппараттары - Улуттук госпиталь, Улуттук фтизиатрия борбору, Бакай-Ата жана Кара-Кулжа райондорунун жалпы дарыгердик практика борборлору, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Кочкор, Ак-Талаа, Ноокен, Өзгөн, Алай, Кадамжай жана Кемин аймактык ооруканалары, ошондой эле Ош шаардык клиникалык ооруканасы үчүн, жалпы суммасы 2,7 млн. АКШ доллары;

- ангиографиялык жана ультра-үн аппараттары - Улуттук кардиология жана терапия борбору, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту, Жалал-Абад шаарындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын түштүк региондук илимий борбору, Ош облус аралык бириктирилген клиникалык оорукана үчүн, жалпы суммасы 3,3 млн. евро жана 28,55 миң АКШ доллары;

- компьютердик жабдуулар жана "1 С: Бухгалтерия" лицензиялык программасы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалары жана үй-бүлөлүк врачтар топтору үчүн региондук деңгээлдеги консультациялык класстарды (мастер-класстарды) түзүү жана жабдуу үчүн, 3,3 млн. сом суммада (52590 АКШ доллары);

- компьютердик, тармактык, коммуникациялык жабдуулар жана 2 сервер - саламаттык сактоонун кырдаалдык борбору, корпоративдик тармактын борбордук түйүнү жана мамлекеттик дары саясаты боюнча маалымат системасынын ишин камсыздоо үчүн, 5,5 млн. сом суммада (95,3 миң АКШ доллары);

- 8 реанимобиль - Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Чүй облустарынын төрөт бөлүмдөрү жана Улуттук эне жана баланы коргоо борбору үчүн.

Азыркы учурда кан кызматынын 7 мекемесин реабилитациялоо, медициналык жана медициналык эмес жабдууларды, кан тапшыруучу көчмө пункттарды, сарпталуучу материалдарды алуу иштери аягына чыгууда (Немец өнүктүрүү банкы). "Улуттук I жана II шашылыш медицина системасын түзүү" долбоорунун алкагында кычкылтектик станциялар ишке киргизилип, Ош облусунун стационарларында, Улуттук госпиталда, Бишкектеги травмотология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда кабыл алуучу шашылыш жардам бөлүмдөр түзүлүп жана жабдылган, тез жардам машиналары алынган, машиналарды дагы сатып алуу алдыда турат, Жалал-Абад облустук бириктирилген оорукананын базасында кабыл алуучу шашылыш жардам бөлүмүн куруу жана жабдуу пландалууда (Немец өнүктүрүү банкы). Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бакубаттыгы чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча Федералдык кызмат (Россия Федерациясы) менен министрликтин ортосундагы инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү тармагындагы кызматташуунун алкагында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин 3 вирусологиялык лабораториясында молекулалык-генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, Кара-Суу жана Ысык-Ата райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору үчүн 2,3 млн. сом суммага жабдуулар алынган. Улуттук фтизиатрия борборунда, Баткен жана Чүй облустук борборлорунда дары-дармек сактоочу кампаларга дары каражаттарды сактоо боюнча талантарга ылайык оңдоо жана жабдуу иштери жүргүзүлгөн (Глобалдык фонд), "Психикалык ден соолук" компоненти боюнча пилоттук мекемелердин имараттарына оңдоо иштери жүргүзүлгөн, Чаткал райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун лабораториялык корпусунун курулушу аяктан, конференц залдын пайдубалы салынган, Араван райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун лабораториялык корпусунун курулушу жана Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жаңы имаратынын курулушу аяктап жатат (даярдык 80%). Азыркы учурда төмөндөгү долбоорлор жүзөгө ашырылууда:

- "Саламаттык сактоо маселелери боюнча жамааттардын иш-аракеттери" (Швейцария Өкмөтү, 25,2 млн. швейцария франкы суммасында);

- "Кыргызстандын ооруканаларындагы медициналык калдыктарды башкаруу" (Швейцария Өкмөтү, 2,9 млн. швейцария франкы суммасында);

- "2014-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнү реформалоо" (Швейцария Өкмөтү, 2 млн. 535 миң швейцария франкы суммасында);

- "2015-2018-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы медициналык мекемелердин автономдуулугу" (Швейцария Өкмөтү, 4 млн. 160 миң швейцария франкы суммасында);

- "Саламаттык сактоо мекемелерин натыйжалардын негизинде каржылоо", 22 саламаттык сактоо мекемесинде жүзөгө ашырылууда (Дүйнөлүк банктын гранты, 11,0 млн. АКШ доллары суммасында).

2015-жылы "Чөптүн тамырлары жана адам коопсуздугу" (Япония) программасынын алкагында Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда, Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасында, Токмок жана Өзгөн аймактык ооруканаларында, Ысык-Көл облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунда медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу долбоору боюнча гранттык контрактка кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Президенти 2015-жылдын 10-апрелиндеги № 79 "2014-жылдын 3-декабрында Мекке шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ("Фаель Хаир" программасынын администратору катары) ортосундагы Айрым мусулман мамлекеттеринде жана коомдоштуктарда мобилдүү клиникаларды уюштуруу боюнча "Фаель Хаир" программасынын алкагында айыл жергесинде мобилдүү клиникаларды сатып алууга жана пайдаланууга кайрымдуулук салымын кошууну жүзөгө ашырууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон. § 2. Саламаттык сактоо системасындагы иштин негизги көрсөткүчтөрү 2016-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын орточо жылдык саны баштапкы маалыматтар боюнча 5951,9 миң адамды түзгөн (2014-жылы - 5835,8; өсүш 116,1 миң адам). Дүйнөлүк Банктын маалыматтарына ылайык, республикада жашоонун орточо узактыгы 70 жыл. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен жашоонун эң узактыгы Белоруссияда - 72 жыл. Өмүр жаштын эң азы Өзбекстанда (68 жаш), Тажикстанда (67 жаш) жана Түркмөнстанда (65 жаш) экендиги белгиленген. Калктын киши башына карата ден соолукту сактоого чыгымдоолор боюнча эң жогорку көрсөткүч Японияга тиешелүү (4752 АКШ доллары). Кыргызстан (84 АКШ доллары), бул позиция боюнча Беларустан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан (125 АКШ доллары) артта. Калктын ден соолугун сактоо ишиндеги негизги роль алдын алуучу иштерге таандык. Бул иштер баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо мекемелери тарабынан жүргүзүлөт. Азыркы учурда республиканын калкына 64 үй-бүлөлүк медицина борборлору, 28 жалпы дарыгерлик практика борборлору баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө жана аларда 690 үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана 1025 фельдшердик-акушердик пункттар иш алып барууда (2015-жылдын 1-январына карата - 1020). Баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарынын дарыгерлерине кайрылуулардын саны бир аз кыскарып, баштапкы маалымат боюнча 21,3 млн. болгон (2014-жылы - 22,1 млн.). Фельдшердик-акушердик пункттар тейлөөгө алган аймакта республиканын калкынын 26%ы жашайт, 2015-жылы карата фельдшердик-акушердик пункттары кайрылуулардын саны 298357ге азайган (2014-жылы - 4749579; 2015-жылы - 4451222). Калкка кечиктирилгис медициналык жардамды кечиктирилгис медициналык жардамдын 3 борбору жана 119 бөлүмү көрсөтүп келген. Буларда жыл сайын 700 миңден ашуун пациент тейлөөгө алынат. Мисалы, 2014-жылы 769048 пациент, 2015-жылы (оперативдүү маалымат боюнча) 754896 пациент тейленген. 2016-жылдын 1-январына карата саламаттык сактоонун Баштапкы санитардык-медициналык жардам мекемелеринин стационардык-алмаштыруучу бөлүмдөрүндөгү жатак орундардын саны 910 болгон (2014-жылы - 954) аларда 77117 бейтап дарыланган, бул 2014-жылдагыга караганда 6150 пациентке көп. Калкка стационардык жардамды 141 мекеме көрсөткөн жана аларда 25559 же 10000 адамга 42,8 жатак орун туура келген (2014-жылы - 25789 же 43,7). 2015-жылы республиканын стационарларына 817023 бейтап жаткырылган (2014-жылы - 823280), ооруканага жаткыруулардын саны 100 адамга 2,7%га төмөндөп 13,7ни түзгөн (2014-жылы - 14,1). Жатак орун фондун пайдалануунун көрсөткүчү күнүнө - 291,4 жатак орунду түзгөн (2014-жылы - 300,0; норматив - 340 күн). Республика боюнча стационарларда жатып дарылануунун орточо узактыгы 9,1 күндү түзгөн (2014-жылы - 9,4 күн), ал эми Баткен, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын стационарларында 9 күндөн аз. Республиканын ооруканаларындагы өлүмдүн саны 0,6 %ды түзгөн (2014-жылы - 0,7%) жана бардык региондор боюнча көрсөткүч азайып жаткандыгы байкалат. Жыл сайын республиканын стационарларында 180 миңден ашык операция жасалат, анын ичинде операциялардын 15%ы шашылыш түрдө жасалат. Баштапкы маалыматтарга ылайык, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча төрөттүн саны бир аз азайып, 1000 адамга 27,4%ды түзгөн (2014-жылы - 27,5%). Калктын жалпы өлүм көрсөткүчү 1000 адамга 5,8 болгон (2014-жылы - 6,1; азаюу - 4,9%). Республикадагы калктын өлүмгө учуроосунун негизги себеби болгон оорулар: кан айлануу системасынын оорулары - 5,1% (2014-жылы - 5,4%), дем алуу органдарыныкы - 5,3% (2014-жылы - 62%), өлүмдүн сырткы себептери - 8,8% (2014-жылы - 8,7%), шишиктер - 11,1% (2014-жылы - 10,5%), тамак сиңирүү органдарынын оорулары - 6,6% (2014-жылы - 6,6%), инфекциялык жана мите оорулар - 2,4% (2014-жылы - 2,5%). 2015-жылы дем алуу органдарынын ооруларынан өлүмгө учуроо көрсөткүчү 16,6%га азайган (2014-жылы - 36,7; 2015-жылы - 30,6), кан айлануу системасыныкы - 3,2%га (2014-жылы - 305,0; 2015-жылы - 295,2), инфекциялык жана мите оорулардан - 10,6%га (2014-жылы 100000 адамга - 16,0; 2015-жылы - 14,3). Ар кандай жаракат жана кырсыктардын кесепетинен өлүмгө дуушарлануунун саны 2,8%га азайгандыгына карабастан, жыл сайын өлкөдө жол-транспорт кырсыктары өлүмгө дуушарланткан 1000ге жакын учур катталат; 2015-жылы - баштапкы маалымат боюнча 842 учур). § 3. Саламаттык сактоо секторун каржылоо Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр саламаттык сактоо программаларын параллелдүү каржылоо менен бирге өлкөнүн бюджетин финансылык колдоону улантышууда. Бул финансылык булактар "Ден соолук"/SWAp Программасын каржылоонун ажыратылгыс, бири-бирин толуктоочу жана ийгиликтерге жетүүсү үчүн абдан зарыл салымдар. Мисалы, катышуучулардын 2014-жылга карата SWAp биргелешкен каржылоосу - 14,75 млн. АКШ долларын түзгөн. 2015-жылы саламаттык сактоо мекемелеринин бириктирилген саламаттык сактоо бюджетинин такталган планы - 14748,6 млн. сомду түзгөн (2014-жылы - 1425,8 млн. сом). Саламаттык сактоонун бириктирилген бюджетинин каражаттарынын ичинен жалпы көлөмдүн 22,9%ы ССМ аркылуу жана - 77,1%ы ММКФ аркылуу саламаттык сактоо мекемелерин каржылоого туура келет. ССМ тарабынан каржылануучу саламаттык сактоо мекемелеринин мамлекеттик бюджетинин 2015-жылга карата такталган планы 3371,3 млн. сомду түзгөн, аткаруу 3105,3 млн. сомду же 92,1%ды түзгөн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ)(2) маалыматы боюнча Кыргызстанда саламаттык сактоого жумшалуучу жалпы чыгым болжол менен ички дүң продуктунун (ИДП) 7%ын түзсө, жалпы мамлекеттик чыгымдар өлкөдөгү саламаттык сактоого карата жалпы чыгымдын 60%ын, ошондой эле жеке чыгымы сектордун болжол менен 40% түзөт. Буга бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардан, донорлордон келген акча каражаттары жана калктын түз төлөмдөрү (35%) кирет. Медициналык камсыздандырууну каржылоо көлөмү мамлекеттин саламаттык сактоого жумшалуучу жаппы чыгымдарына карата - 64,1% түзөт (же саламаттык сактоого жумшалуучу жалпы чыгымдардын 38,5%). ДСУ жана Дүйнөлүк банктын(3) маалыматтарына ылайык саламаттык сактоонун жаппы чыгымдарына карата сырткы каржылоолордун үлүшү 12,0%, жана бул мамлекеттик (21,5%) жана мамлекеттик эмес чыгымдарга (5,0%) бөлүштүрүлгөн. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн финансы каражаттары Калкты медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын аткарууга, инфраструктураны жакшыртууга, буюм-тайым, медикаменттерди жана сарпталуучу материалдарды, компьютердик техниканы сатып алууга, консультациялык жана маалыматтык кызматтарды төлөөгө, медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатууга, ошондой эле "Ден соолук" программасын жүзөгө ашырууга, медициналык жардамдын сапатын жана калктын ден соолугун жакшыртуу боюнча максаттарга жетүүгө шарт түзүүчү башка иш-чараларды өткөрүүгө багытталат.

3. Саламаттык сактоо секторундагы көйгөйлөр

Жетишкендиктерге карабастан олуттуу кемчиликтер дагы кездешет. Донордук уюмдардын саламаттык сактоо секторуна көрсөткөн финансылык жардамына карабастан калктын ден соолугун жакшыртуу боюнча максаттарга жетүүгө тоскоолдук жаратып жатышкан бир катар көйгөйлөр бар. Туруктуу Өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында саламаттык сактоо секторунда дагы деле болсо бир катар көйгөйлөр бар экендиги белгиленген. Биринчи кезекте чечүүнү талап кылган көптөгөн багыттар жана маселелер бар. "Ден соолук" программасынын приоритеттүү багыттарынын негизги көрсөткүчтөрүнүн анализинде соңку 5 жылда ымыркайлардын чарчап калуусунда азаюунун жалпы тенденциясы байкалат (1000 тирүү төрөлгөндөргө 2010-жылы - 22,8 жана 2014-жылы - 20,7). Оперативдүү маалыматтар боюнча 2015-жылы ымыркайлардын өлүм көрсөткүчү 1000ге 18,9ду түзгөн, бул 2014-жылга салыштырмалуу 8,7%га азаюу болгонун билдирет. Бирок, ошол эле учурда Ысык-Көл облусунда 8,9% жана Ош шаарында - 14,2% өсүү болгондугу байкалат. Үйүндө чарчап калган бир жашка чейинки балдардын өлүмү да 1,6%га азайган, көбөйүү Жалал-Абад облусунда - 58,5%, Чүй облусунда 38,6% болгон. 2015-жылы Кыргыз Республикасында Миң жылдыктын өнүктүрүү максаты - 4 жетишилген: 5 жашка чейинки наристе балдардын өлүм көрсөткүчү үчтөн экиге азайган. 5 жашка чейинки балдардын өлүмгө учуроосу азайып, тирүү төрөлгөн 1000 балага 20,8 (2014-жылы - 23,0) болуу менен азаюу - 9,6%ды түзгөн. Балдардын өлүмүнө байланыштуу себептердин структурасында негизги орунду перинаталдык мезгилде келип чыгуучу абал ээлейт - 55,1 (2014-жылы - 59,0%), дем алуу органдарынын оорусу - 12,3% (2014-жылы - 12,5%), тубаса мандемдер - 15,1% (2014-жылы - 14,6%), инфекциялык жана мите оорулар - 4,1% (2014-жылы - 4,1%). Энелердин өлүмүнүн көрсөткүчүндө оперативдүү маалыматтар боюнча 2015-жылы кош бойлуу учурунда, төрөт жана төрөттөн соңку мезгилдерде 62 аял каза болгон, бул 100000 тирүү төрөлгөндөргө карата - 38,7ни түзгөн (2014-жылы 82 аял өлгөн, көрсөткүч - 51,9). Бул көрсөткүч Жалал-Абад облусунда 18,2%га (2014-жылы - 5,6; 2015-жылы - 59,8), Чүй облусунда 11,3%га көбөйгөнү белгиленди, Ош шаарында 4 (2014-жылы мындай учур болгон эмес). Эне өлүмүнө байланышкан себептердин структурасында башкы орунда кансыроо - 32,3% (2014-жылы - 24,4%), экинчи орунда сепсис жана экстрагениталия оорулары - 22,6% (2014-жылы - 24,7%), андан соң преэклампсия жана эклампсия - 12,9% (2014-жылы - 15,9%), өпкө артериясынын тромбоэмбалиясы - 4,8% (2014-жылы - 17,1%) жана жатындык айрылуусу 3,2% (2014-жылы - 0 учур) ээлейт, үй шартындагы өлүм менен аяктаган 1 учурдун себеби такталган эмес. Эне жана бала өлүмүн азайтуу үчүн негизги көңүлдү саламаттык сактоо мекемелеринде жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлдериндеги медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга, ошондой эле эне менен баланын ден соолугун сактоо маселесине элди жана мамлекетти активдүү тартууга буруу керек. Республикада жүрөк-кан тамырлар оорусунан (мындан ары - ЖКО) каза болгондордун саны жогору бойдон калууда жана 50%дан көбүрөөк болуу менен өлүм себебинин структурасында алдыңкы орунду ээлейт. ССМ тарабынан ЖКО бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө. Заманбап жогорку технологиялык методдорду пайдалануу менен жүрөк-кан тамыр оорусун диагностикалоо жана дарылоо маанилүү. Мисалы, 2015-жылы Улуттук кардиология жана терапия борборунун компьютердик томография бөлүмүндө 1645 бейтапка ар кыл системаларга жана органдарга 5214 изилдөө жасалган. Өткөрүлгөн инвазивдик кийлигишүүлөрдүн жалпы саны - 980ди түзгөн, алардын ичинен коронароангиография - 606, тубаса жүрөк оорусу (ТЖӨ) учурундагы ангиокардиография - 28, ангиография - 66, жүрөккө жасалган эндоваскулярдык операция - 237, анын ичинде коронардык артерияларга стент коюу - 145, ТЖӨ учурунда 45 окклюдер орнотуу жана ритм бузулган учурларда 47 ЭКС имплантациялары. 2016-жылдын 1-январында кант диабети менен 47561 бейтап катталган, алардын ичинен балдар - 289. Диабетке каршы препараттар борбордоштурулуп сатып алынат, 2015-жылы 2016-2017-жылдардагы мезгил үчүн 109 млн. сомго тендер өткөрүлгөн (керектүү акча - 400 млн. сом). Кант диабет менен ооругандарды каттоо регистри киргизилген. Эндокринологиялык кызматты оптималдаштыруу үчүн Бишкек шаарындагы шаардык эндокринологиялык диспансердин базасында республикалык эндокринологиялык борборду түзүү жөнүндө буйруктун долбоорун даярдоо демилгеленүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 597 токтому менен бекитилген 2013-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо программасын аткаруу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө. Инфекциялык эмес оорулардын жаралуу себептерин эртелеп аныктоо жана эртелеп дарылоо максатында врачка чейинки кабинеттер иштеп жатат, үй-бүлөлүк медицинанын сынамык борборлорунда Инфекциялык эмес оорулар боюнча негизги иш-чаралардын пакетинин долбоору киргизилүүдө. Гипертониялык оору, туруктуу стенокардия, миокарддын катуу инфаркты боюнча клиникалык протоколдор жаңыртылган. Республикада жыл сайын зыяндуу шишик оорулардын 5000 ашуун жаңы учуру катталат, 2015-жылдагы көрсөткүч 100,0 миң адамга 92,1ди түзгөн (2014-жылы - 95,1). Зыяндуу шишик оорулардын саны көбөйүүсү Ош шаарында - 6,3% (2014-жылы - 99,3; 2015-жылы - 105,6) жана Бишкек шаарында - 9,9% (2014-жылы - 120,8; 2015-жылы - 132,8) болгон. Зыяндуу шишиктерден каза болгондордун саны жыл санап өсүүдө жана каза болгондордун жалпы санынын 11,1%ын түзөт (2014-жылы - 10,5%). Зыяндуу шишик бар экени жаңы аныкталган бейтаптардын 25% көбүрөөгү оорунун 4-баскычында аныкталышат жана 50% ашыгы диагноз коюлган күндөн тартып бир жылга жетпей каза болушат. Баштапкы маалыматтар боюнча 100000 адамга 99,0 (2014-жылы - 101,1) түзүү менен 2015-жылы республикада кургак учук ооруга чалдыгуу деңгээли азайган, бирок 8,9%ды түзүү менен бул көрсөткүч Чүй облусунда өскөн. Нарын (+16,7%) жана Ош (+6,8%) облустарын эске албаганда калктын кургак учук оорусунан каза болуу деңгээли 23,0%га азайган (100,0 адамга 2014-жылы - 6,7; 2015-жылы - 5,2). Терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандардын саны үзгүлтүксүз көбөйүп жатканына байланыштуу республикада диализдик орундар өтө жетишсиз. Бардыгы болуп республикадагы "Бирдиктүү республикалык реестрде" 1146 пациент катталган болсо, алардын ичинен гемодиализге өзгөчө муктаж 106 бейтап гемодиализди акы төлөө менен жеке медициналык борборлордо алышат. Ал эми бюджеттик каражаттын эсебинен 552 пациент өнөкөт программалык гемодиализ алышат, алардын 203ү "Юрфа" жеке менчик борборунда, анын ичинде Бишкек шаарында - 165 жана Ош шаарында - 37 бейтап. Мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде 8 жасалма бөйрөк бөлүмү иштейт жана аларда 74 диализдик аппарат болсо, анын 14ү иштебейт. Органдарын алмаштырган пациенттердин жалпы саны 166га жетти, мында республикада 15 бейтапка гана органын алмаштыруучу операция жасалган. Калган пациенттер алыскы чет өлкөлөрдө (Пакистан, Түркия, Кытай) операция болушкан. Саламаттык сактоо тармагындагы мурдагы реформалардын жыйынтыгы күтүлгөн деңгээлден төмөн болду жана буга байланыштуу себептер жана факторлор катары төмөнкүлөрдү айтуу зарыл:

- каржылоонун тартыштыгынан көрүнгөн прогресске жетүүгө тоскоолдук жаралышы; мында ден соолуктун негизги абалы боюнча калкты саламаттык сактоо кызматтары менен камсыз кылуулардын деңгээли дагы деле болсо төмөн боюнча калууда;

- ооруканаларга жаткыруу менен байланышкан учурлардын такай өсүүсү (2006-жылы - 560 миң жана 2010-жылы 950 миң), кызмат көрсөтүү процессинин структурасындагы мындай натыйжасыздык (Бишкек жана Ош шаарларындагы потенциалдын ашыктыгы) чыгашаларды жабуу үчүн донордук каражаттардын эсебинен кошумча каржылоону талап кылат; ар кыл аныктоолор боюнча жалпы чыгашалардын 27-39%(4) түзгөн каржылоо иштериндеги ажырымдын натыйжасында келип чыгуучу айырма расмий эмес төлөмдөрдүн эсебинен толтурулууда. Мунун өзү калк үчүн оор финансылык кесепеттерди гана жаратпастан, жүргүзүлүп жаткан реформалар процессине элдин ишенимин бузууда;

- структурасы жана деңгээли мамлекетте кездешүүчү оору кесепетине, ден соолукту чыңдоо жана профилактика маселелерине жооп берүүчү саламаттык сактоонун заманбап мамлекеттик системасын түзүү үчүн капиталдык салымдын деңгээли жетишсиз бойдон калууда;

- медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасынын начардыгы;

- медициналык мекемелердин автономиясынын жетишсиздиги;

- биринчи, экинчи жана үчүнчү баскычтагы саламаттык сактоо мекемелеринин так иштелип чыккан өз ара байланышта иштешүүгө негизделген оптималдуу тармагы жок; пациенттерди бир жактан экинчи жакка жиберүү системасынын жоктугу алардын ишинде кайталоолордун болушуна, материалдык жана финансылык ресурстардын туура эмес пайдаланылышына алып келди;

- стационарларда квалификациялуу амбулатордук-диагностикалык жардамдын жоктугу пациенттердин агымын жөнгө салууга жана профилдик жана негиздүү госпитализацияга мүмкүнчүлүк бербей жатат; шашылыш медициналык жардам сапаттык жактан өскөн жок; үчүнчү баскычтагы көптөгөн мекемелер жогорку технологиялуу медициналык кызмат көрсөтүүчү уюмдун деңгээлине чыга алышкан жок;

- адам ресурстарынын жетишсиздиги жана туура эмес бөлүштүрүлүшү; амбулатордук пациенттер үчүн тар мүнөздөгү адистерге көрүнүүсүн камсыздоо көйгөйү чечилген эмес.

4. Инвестициялык программанын максаты

Саламаттык сактоо системасынын учурдагы абалы каржылоонун жетишсиздигин эле эмес, системанын ичиндеги олуттуу көйгөйлөрдү да көрсөтүп турат. Каржылоо жана инфраструктураны өнүктүрүү маселесин чечпей туруп коомдук саламаттык сактоо маселелерин чечүү, саламаттык сактоо системасындагы, ошондой эле келечекте кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу мүмкүн эмес. Аталган көйгөйлөр материалдык-техникалык база, инфраструктура, заманбап жабдууларды пайдалануу зарылчылыгы менен тыгыз байланышкан. Бүгүнкү күнү медициналык жабдуулардын көпчүлүк бөлүгүн алмаштыруу зарыл. Мунун бардыгы саламаттык сактоодогу кызмат көрсөтүүлөргө тескери таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан бул Инвестициялык программа саламаттык сактоо, өлкөнүн калкынын ден соолугун сактоо жана чыңдоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн 2016-2025-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо секторуна керектүү инвестициялардын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатын көздөйт. Бул Инвестициялык программа саламаттык сактоо системасындагы стратегиялык документтердин миссияларына негизделген, алардын багыттары:

- бүткүл калктын саламаттык сактоо кызматтарынан бирдей пайдалануусун камсыздоо;

- социалдык статусуна жана гендердик айырмасына карабастан республиканын калкынын жана ар бир адамдын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн, ошондой эле негизги саламаттык сактоо кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды түзүү;

- саламаттык сактоо секторунун муктаждыктарын камсыздоо.

Медициналык тейлөөнүн сапатына тоскоол болуп жаткан жогоруда айтылган проблемалар саламаттык сактоо элдин ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн шарттарды жакшыртууга таасир этүүчү саламаттык сактоо секторундагы инвестициялардын негизги багыттарын аныктоого таяныч болот. ССМ ден соолукту сактоо жана чыңдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары төмөндөгү категориялар боюнча проблемаларды чечүүгө арналган ушул Инвестициялык программаны аткаруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат. § 1. Саламаттык сактоону каржылоо Медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу жана калктын ден соолук көрсөткүчүн жакшыртуу боюнча коюлган максаттарга жетүү үчүн системалуу тоскоолдукту - саламаттык сактоонун финансылык ресурстарын башкаруудагы натыйжасыздыкты жоюу зарыл. Саламаттык сактоо секторун мамлекеттик милдеттенмелерге жана медициналык кызматтарга карата болгон калктын талаптарына жооп бербегендей бюджеттик каржылоо саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык жактан жабдылышынын сапатына тескери таасир этүүдө. Ошентип, бул маселени чечүү жыйымдарды чогултуу, каражаттарды топтоо жана бөлүштүрүү, саламаттык сактоо системасын мамлекеттик жана жеке каржылоо ортосундагы алгылыктуу балансты аныктоо, саламаттык сактоо мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн капиталдык инвестицияларды көбөйтүү механизмдерин жакшыртуу менен байланыштуу. Коюлган маселелерди чечүү үчүн саламаттык сактоону мамлекеттик каржылоонун туруктуулугун төмөнкү жолдор аркылуу жогорулатуу зарыл:

- өлкөнүн өнүгүү стратегиясына жана мамлекеттик бюджеттин көрсөткүчтөрүнө ылайык саламаттык сактоо системасынын кирешелерин жана сарптоолорун пландоо процессин жакшыртуу;

- саламаттык сактоо программаларын аткаруу процессине жеке секторду тартуу жолу менен саламаттык сактоо системасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) үчүн негиз түзүү;

- саламаттык сактоо секторуна эл аралык донорлордун каражаттарын тартуу боюнча натыйжалуу инвестициялык саясатты түзүү жана жүргүзүү;

- инфраструктураны жана медициналык жабдууларды жаңыртуу үчүн саламаттык сактоого капиталдык инвестициялар программасын иштеп чыгуу жана киргизүү.

§ 2. Стратегиялык башкаруу Саламаттык сактоо секторун реформалоодогу негизги кадам болуп башкаруу, каржылоо жана кызмат көрсөтүү функцияларын бөлүштүрүү менен саламаттык сактоо секторундагы милдеттерди, жоопкерчиликти жана отчёттуулукту так аныктоо зарыл. Саламаттык сактоо системасынын бардык баскычтарындагы күчтүү жетекчилик жана натыйжалуу башкаруу реформаларды ийгиликтүү алдыга жылдыруу, тандалып алынган приоритеттүү багыттардагы (жүрөк-кан тамырлар оорусу, эне жана бала ден соолугун коргоо, кургак учук жана ВИЧ-инфекция) күтүлгөн жыйынтыктарга жетүүдөгү негизги шарттар болот. Буга чейин айтылгандай, натыйжалуу стратегиялык башкаруудагы негизги тоскоолдук - бул саламаттык сактоодогу башкаруу, медициналык кызматтарды көрсөтүү жана каржылоо функцияларынын толук бөлүштүрүлбөшү болууда. Ошондуктан комплекстүү башкаруу системасын түзүү үчүн төмөндөгүлөр талап кылынат:

- вертикалдуу башкаруунун ордуна айрым бир ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жолу менен министрликтин деңгээлинде башкарууну жакшыртуу;

- саламаттык сактоо системасына МЖӨ долбоорлорун киргизүү.

5. Артыкчылыктуу инвестициялык багыттар жана күтүлгөн жыйынтыктар

Иштин приоритеттүү инвестициялык багыттары:

1) жаш балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу жана онкологиялык жана гематологиялык оорулуу балдардын өлүмүн азайтуу үчүн балдардын онкология жана гематология бөлүмүн Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна которуу жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунда текшерүүчү кабинеттерди ачуу;

2) зарыл жабдуулар жана препараттар менен камсыздоо аркылуу баштапкы звено жана тез жардам бригадаларынын деңгээлинде, анын ичинде райондук деңгээлде ооруканага чейинки тез жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, ошондой эле аларды каржылоонун жетик эмес механизмдерине байланышкан көйгөйлөрдү чечүү;

3) райондордун деңгээлинде жогорку тобокелдиктеги кош бойлуу аялдар үчүн амбулаториялык кызмат көрсөтүүлөрдүн моделин жана аялдар менен ымыркай балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн транспорттук-консультациялык системасын киргизүү;

4) республикалык эндокринологиялык борборду ачуу; кант диабети менен ооруган оорулууларды диабетке каршы дарылар (таблетка түрүндөгү) менен камсыздоо жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо;

5) Кыргыз Республикасындагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги кеңири тарагандыгын (1 млн. калкка орточо эсеп менен 300-350 бейтап) жана жыл сайын терминалдык бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын саны өсүп жаткандыгын (жыл сайын 50-80 пациентке көбөйүүдө) эске алуу менен диализ жасоого чыгымдарды көбөйтүү жана адистештирилген жардамды пландоо, анткени диализдик дарылоого муктаждык кошумча түрдө болжол менен 1000 бюджеттик орунду талап кылат;

6) каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, структураны, саламаттык сактоо мекемелеринин чыгымдарын оптималдаштыруу, медицинага инвестицияларды тартуу жана МЖӨ киргизүү менен атаандаштык чөйрө түзүү жана клиникалык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү жеке жабдуучуларга өткөрүп берүү (аутсорсинг);

7) жаш адистер үчүн зарыл болгон социалдык жана экономикалык шарттарды камсыздоо менен айрыкча региондордогу медициналык кызматтардын сапатын арттыруу;

8) ооруканадагы жардамды жакшыртуу системасын модернизациялоого, дүйнөлүк стандарттарга жооп берүүчү жаңы медициналык борборлорду курууга жана жабдууга инвестицияларды тартуу, топтолгон тажрыйбаны келечекте региондорго жайылтуу;

9) саламаттык сактоо мекемелерин оптималдаштыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү (медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн институттук автономиясы). Бул үчүн ички чечимдерди кабыл алууда өз алдынчалыкты көбүрөөк берүү, жоопкерчиликти жогорулатуу, ошондой эле иштин жыйынтыгына жараша финансылык стимулдарды киргизүү менен саламаттык сактоо мекемелерин башкаруунун заманбап методдорун киргизүү зарыл;

10) кызмат көрсөтүүнүн жаңы модели катары үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы кардиолог врачтарды жана аймактык ооруканалардагы амбулаториялык-диагностикалык бөлүмдөрдү рационалдуу жайгаштыруу үчүн сынамык райондордо тестирлөө жолу менен изилдөө. Бул артериялык гипертензиянын жогорку тобокелдиги бар бейтаптар үчүн амбулаториялык шартта медициналык кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштырууну талап кылат;

11) облустук деңгээлдеги стационарларды ресурстук камсыздоону жакшыртуу (кадрдык потенциал, материалдык-техникалык база, инфраструктура, каржылоо), анын ичинде жети (7) реанимобиль, плазманы тоңдуруучу аппараттар, вакуум-экстракторлор менен камсыздоо; эл үчүн диагностика жана дарылануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү зарыл;

12) аймактык жана облустук бириккен ооруканалардын балдар реанимация бөлүмдөрүнө жабдуулардын базалык тобун сатып алуу;

13) аймактык ооруканаларда электрондук маалымат базасын киргизүү;

14) адистештирилген жана жогорку технологиялуу медициналык кызматтардын (кардиохирургия, трансплантология, онкология, паллиативдик терапия, радиология) адекваттуу өнүгүүсүн камсыздоо жана өлкөнүн бардык калкына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу.

2014-жылы республикага чет өлкөлүк түз инвестициялардын келиши 608,5 млн. АКШ(5) долларын түзгөндүгүн белгилөө зарыл. Саламаттык сактоо объектилеринин курулушуна иштетилген инвестициялардын көлөмү 356,6 млн. сом болду: амбулаториялык мекемелерге - 128,8 млн. сом, ооруканаларды курууга - негизги капиталга 227,8 млн. сом. Саламаттык сактоо кызматын көрсөтүүнүн сапаттык деңгээлин жогорулатуу үчүн финансылык каражат керектиги талашсыз. Бирок кызмат көрсөтүүнүн сапаты ар дайым эле финансыга байланыштуу боло бербейт. Финансы каражаттарын натыйжасыз пайдалануу, ошондой эле саламаттык сактоо секторундагы менеджменттин начардыгы көрсөтүлгөн кызматтын сапатына тескери таасир этет. Ички ресурстардын чектелгендигине байланыштуу саламаттык сактоодогу жалпы сарптоолордо сырткы каржылоонун үлүшү 12%ды түзөт. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасы тышкы жардамга жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө орчундуу көз каранды. Тышкы каржылоо булактарына мындай көз карандылык келечекте тышкы карыздык милдеттенмелердин оорлошуна таасир этиши мүмкүн. Саламаттык сактоо системасындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 290 млн. АКШ доллары талап кылынат, бул Саламаттык сактоо тармагындагы 2016-2025-жылдарга карата иш-чаралардын инвестициялык планында чагылдырылган (2-тиркеме). Саламаттык сактоо системасындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн ушул Инвестициялык программада аныкталган багыттарды карманып, инвестициялык муктаждыктар менен колдо болгон каражаттын ортосундагы ажырымды жабуу үчүн каражат табуу зарыл. Тышкы карыздын көлөмүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алганда, бул финансылык ажырымды тышкы карызды көбөйтпөстөн эле МЖӨ долбоорлору аркылуу жабууга болот. Мамлекеттик бюджетке оорчулукту бошотуудан сырткары, саламаттык сактоо системасында МЖӨ механизмин пайдалануунун дагы бир жакшы жагын эске алуу зарыл: МЖӨ механизми саламаттык сактоо объекттеринин жетишсиз автономдуулугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечет. Автономдуулуктун жетишсиздиги саламаттык сактоонун негизги багыттары боюнча маанилүү кызматтарды көрсөтүүгө орчундуу тоскоол болууда. Саламаттык сактоо системасында МЖӨ долбоорлорун алдыга жылдыруу үчүн төмөнкү шарттарды эске алуу керек:

- МЖӨ долбооруна инвестициялардын көлөмү 3 млн. АКШ долларынан кем болбоого тийиш. Мындай шарт транзакциялык чыгымдарды жабуу жана инвестициялык долбоордун рентабелдүүлүгүн камсыздоо максатында сакталууга тийиш;

- саламаттык сактоо системасында көрсөтүлүүчү кызматтардын масштабы өсүп жатканына байланыштуу каражаттын үнөмдөлүшүн камсыздоочу масштабдуу долбоорлорду өнүктүрүү зарыл;

- инвестициялардын көлөмү 50 млн. АКШ долларынан кем болбоого тийиш; бул жергиликтүү банктык сектордун каржылоо мүмкүнчүлүгү чектелүү жана эл аралык каржылоо булактарынын баасы кымбат экендиги менен шартталган;

- МЖӨ долбоорунун наркынын кайтарымдуулугунун башкы булагы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда керектөөчүлөрдүн пайдаланган кызмат үчүн акы төлөөсү болууга тийиш;

- МЖӨ долбоорлорун эгерде мындай долбоорду киргизүү саламаттык сактоо системасындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга оң таасир этсе гана алдыга жылдыруу керек;

- ар бир потенциалдуу МЖӨ долбооруна карата кызмат көрсөтүүнүн минималдуу талаптары боюнча стандарттарды аныктоо зарыл.

Бул Инвестициялык программаны ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк түзөт:

- саламаттык сактоо секторундагы проблемаларды чечүү үчүн шарттарды камсыздоо: каржылоо; адам ресурстарына инвестициялоо жана стратегиялык башкаруу;

- төмөнкүлөргө багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча мүмкүнчүлүк берүү:

күтүлгөн натыйжаларга жетүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу; инфраструктураны жакшыртуу жана медициналык жабдууларды модернизациялоо; приоритеттүү инвестициялык долбоорлорду аныктоо; мүмкүн болгон МЖӨ долбоорлорун аныктоо жана саламаттык сактоо секторунда МЖӨ институтун өнүктүрүүгө жакшы таасир этүү; баардык деңгээлдерде медициналык жардамды жана лабораториялык кызматтарды уюштурууну оптималдаштыруу жана алардын элге жеткиликтүүлүгүн арттыруу. Бул Инвестициялык программаны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжаларга саламаттык сактоонун негизги кызматтары кеңири камтылышын камсыздоо жолу менен элге приоритеттүү багыттар боюнча саламаттык сактоо кызматын көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу дагы кирет. Төмөндөгүлөр аркылуу коопсуз энеликти камсыздоо, үй-бүлөнү жана балдардын ден соолугун пландоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугу жана жеткиликтүүлүгү жакшыртылат:

- саламаттык сактоонун баштапкы мекемелеринин деңгээлинде аялдардын кош бойлуу жана төрөттөн кийинки мезгилдериндеги кооптуу белгилерин өз учурунда аныктоо жана дарылоо боюнча кызматтардын сапатын жакшыртуу;

- керектүү жабдуулар жана дары препараттар менен камсыздоо аркылуу кош бойлуу аялдардын жана балдардын абалы өмүрүнө коркунучтуу болуп турган учурларда кечиктирилгис жана тез жардамдын сапатын жакшыртуу.

(1) http://data.worldbank.org/indicator/SP.DYN.LE00.IN/countries?display=default. (2) http://apps.who.int/gho/data/node.country.country-KGZ?lang=en. (3) ДСУ маалыматтары Дүйнөлүк банктын маалыматтарына туура келет. (4) "Ден соолук" Программасында белгиленгендей. (5) КР 2014-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат; КР Экономика министрлиги: http://mineconom.gov.kg/
