# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 378
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98586>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18901/edition/1033999/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98586.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (24.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98586

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 8-июлу № 378 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Соода операцияларын жүргүзүүдө же кызматтарды көрсөтүүдө накталай акча жана банктык төлөм карточкалары аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөрдү өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 2-пункттагы "Экономикалык тескөө министрлиги" деген сөздөр "салык саясаты маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестри төмөнкүдөй мазмундагы 51-54-пункттар менен толукталсын:

"51. "Штрих-М-ПТК" фискалдык каттоочу

52. "Штрих-LIGHT-ПТК" фискалдык каттоочу

53. POS-терминал "Yarus-M2100K" фискалдык каттоочу

54. POS-терминал "Yarus-TK" фискалдык каттоочу".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
