# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 364 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы "Айыл чарбасы боюнча билим берүү-илимий-инновациялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 364 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы "Айыл чарбасы боюнча билим берүү-илимий-инновациялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 364
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98580>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18895/edition/1150141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98580.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 364 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы "Айыл чарбасы боюнча билим берүү-илимий-инновациялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (18.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98580

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 82 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 30-июну № 364

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы "Айыл чарбасы боюнча билим берүү-илимий-инновациялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө

Асыл тукум субъекттерди оптималдаштыруу, натыйжалуу башкаруу, андан ары экономикалык жактан жакшыртуу, айыл чарба жаныбарларынын ата мекендик породаларынын генофондун сактоо, илимий-билим берүү процессин өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыт илим-изилдөө институтунун Сокулук тажрыйба-үрөнчүлүк чарбасы" мамлекеттик ишканасынын жана "Кыргыз агрардык академиясынын Сокулук мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасынын базасында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы "Айыл чарбасы боюнча билим берүү-илимий-инновациялык борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги белгиленген тартипте:

- бир айлык мөөнөттө К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы "Айыл чарбасы боюнча билим берүү-илимий-инновациялык борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону бекитсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин түзүмүндө:

"- Сокулук районундагы "Сокулук АТЗ" жана "- Сокулук районундагы ТҮЧ" позициялары күчүн жоготту деп таанылсын; "- Сокулук, Тоң, Жети-Өгүз райондорундагы окуу-тажрыйба чарбалары;" деген сөздөрдөн кийин "- Айыл чарбасы боюнча билим берүү-илимий-инновациялык борбору" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр менен толукталсын; жогоруда аталган токтомдун "Илим-изилдөө институттарынын (тажрыйба-селекциялык станциялардын, эксперименталдык, үрөнчүлүк чарбалардын, асыл тукум заводдордун жана таяныч пункттардын) ведомстволук уюмдарынын тизмеси жана алардын дареги, жайгашкан орду" деген тиркемесиндеги "Мал чарбасы" бөлүмүнүн 1-пункту жана "Үрөнчүлүк" бөлүмүнүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
