Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 30-июну № 360 "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору", 1999-ж. № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья. Ушул Мыйзамдын предмети Ушул Мыйзам калкка психиатриялык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү укуктук, социалдык, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерди, ошондой эле аны көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын кепилдиктерин аныктайт.";
3) 2 жана 3-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Психиатриялык жардам жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Психиатриялык жардам жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Психиатриялык жардамды көрсөтүүдө жарандардын укуктары жана аларды коргоо кепилдиктери мыйзамдарда каралган учурларда улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында чектелиши мүмкүн.
3-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу Ушул мыйзам республиканын аймагында психиатриялык жардам көрсөтүшкөн бардык мекемелерге жана адамдарга карата психиатриялык жардам көрсөтүүдө колдонулат.";
4) 4-статьянын 2-бөлүгүндөгү "15" деген цифралар "18" деген цифралар менен алмаштырылсын;
5) 6-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "жана ал чечим сотко даттанылышы мүмкүн" деген сөздөр алып салынсын; 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Врачтар комиссиясынын чечими административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.";
6) 11-статьянын 3-бөлүгүндөгү "15" деген цифралар "18" деген цифралар менен алмаштырылсын;
7) 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Жарандын аскердик кызматчысы катары кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн психиатриялык жактан текшерүү Психикалык абалы боюнча жарандын аскер кызматчысы катары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана улуттук коопсуздук органдарында жана башка аскердик курамдарда кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүүдө, ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу системасындагы органдардын жана мекемелердин, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын башчыларын жана катардагыларын амбулатордук жана стационардык текшерүүнүн негиздери жана тартиби ушул Мыйзам жана аскердик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат";
8) 16-статьяда:
1-бөлүгүндө "майыптарды жана кары-картаңдарды" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайган жарандар" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 1 жана 2-бөлүгүндөгү "майыптарды" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 18-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Психиатриялык жардамды мамлекеттик психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелер же ушуга лицензия алган жеке психиатриялык, психоневрологиялык мекемелер, же жекече иштеген врач-психиатрлар көрсөтүшөт. Психиатриялык жардам көрсөтүү боюнча медициналык ишке лицензияларды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын лицензиялык уруксат берүү системасынын чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленет";
10) 23-статьянын 2-бөлүгүндө:
"15" деген цифралар "18" деген цифралар менен алмаштырылсын; "камкордук жана көзөмөлдүк органынын" деген сөздөр "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөсү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "сотко" деген сөз "административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 27-статьянын 3-бөлүгүндө "ушул Мыйзамдын V бөлүмүндө белгиленген" деген сөздөр "административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 28-статьянын 4-бөлүгүндө:
"15" деген цифралар "18"деген цифралар менен алмаштырылсын; "көзөмөлдүк жана камкордук органынын" деген сөз "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөсүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "сотко" деген сөз "административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 30-статьянын 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 31-статьяда:
1 жана 3-бөлүгүндөгү "15" деген цифралар "18" деген цифралар менен алмаштырылсын; 2-бөлүктөгү "көзөмөлдүк жана камкордук органына" деген сөз "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөсүнө" деген сөз менен алмаштырылсын;
15) 34-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Психиатриялык мекемеде каттоодо турган адам ооруканага жаткыруу жөнүндө маселеси чечилип жаткан адамдын мыйзамдуу өкүлү боло албайт";
16) 41-статьянын бүткүл тексти боюнча:
ар кандай жөндөмөдөгү "көзөмөлдүк жана камкордук органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмчөсү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 47-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө медициналык кызматкерлердин, башка адистердин, социалдык камсыздандыруу жана билим берүү кызматкерлеринин, врачтардын комиссияларынын жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кысымга алуучу аракеттерине (аракетсиздигине), чечимдерине карата административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, же болбосо прокурорго даттанылышы мүмкүн.
2. Даттануу укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган адам, анын мыйзамдуу өкүлү, ошондой эле мыйзам же анын уставы (жобосу) менен жарандардын укуктарын коргоо укугу берилген мекеме тарабынан, даттана турган чечимди алган күндөн, же аракеттерине даттанып жаткан адам аракетин жасаган күндөн тартып отуз күндүн ичинде берилет.";
18) 48-статьяда:
статьянын аталышында "сотто" деген сөз алып салынсын; 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1 .Медициналык кызматкерлердин, башка адистердин, социалдык камсыздандыруунун жана билим берүүнүн кызматкерлеринин, ошондой эле врачтар комиссиясынын психиатриялык жардам көрсөтүүдө жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кысмакка алуучу чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануулар административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле прокуратура жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте каралат."; 2 жана 3-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын. 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-октябрындагы № 1013-VI "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.10.2016 · № 1013-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 1145-VI "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 01.12.2016 · № 1145-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 11-январындагы № 1237-VI "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.01.2017 · № 1237-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндөЗакон · 17.06.1999 · № 60 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон