Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 „Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 апреля 2025 года № 245 "Об утверждении Положения о порядке прохождения военной службы по контракту (пребывания в запасе) офицерским составом и прапорщиками в Вооруженных Силах, других воинских формированиях и государственных органах Кыргызской Республики, в которых законом предусмотрена военная служба"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги N 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 17-июну № 337 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык контракт боюнча аскердик кызмат өтөөнү тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:
- 73-пунктта:
биринчи абзац "аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш" деген сөздөрдөн кийин "эгерде ушул Жобо менен башка тартип каралбаса." деген сөздөр менен толукталсын. экинчи абзац "эки жолудан кем эмес сунуштоого милдеттүү" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде ушул Жобо менен башка тартип каралбаса" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "Жүргүзүлгөн уюштуруу-штаттык иш-чаралардын жыйынтыгында жана командачылыктын чечими боюнча ээлеген кызмат орундарынан бошотулган улуттук коопсуздук органдарынын офицерлери бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн офицерлерден тышкары, үч айдан көп эмес карамагында турушу мүмкүн, андан кийин алар кызматка калыбына келтирилүүгө, башка тең кызматка, ал эми мындай кызмат болбогон учурда - офицердин өзүнүн макулдугу боюнча бир баскычка төмөн турган кызматка дайындалууга же аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш. Улуттук коопсуздук органдарынын офицерлери командирдин (начальниктин) карамагында турган мезгилде кадр органдары жетекчилик менен макулдашуу боюнча аларга тең же төмөн турган кызматка дайындоо үчүн бир жолу сунуштайт. Сунушталган кызматтан баш тартуу же макул болуу протокол түрүндө жазылат, ал офицердин өздүк ишине тигилет.";
- 110-пункттун 2-пунктчасында "жана аскердик кызматта 2 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн" деген сөздөр алып салынсын;
- 110-пункттун 3-пунктчасында "орто-техникалык" деген сөздөн кийин "жалпы, орто кесиптик" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрели № 245 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик…Постановление · 30.04.2025 · № 245
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилди "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат…Положение · 25.04.2011 · № 185 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрели № 245 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик…Постановление · 30.04.2025 · № 245
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Постановление · 25.04.2011 · № 185 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон