# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 333
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98567>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18882/edition/749383/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98567.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (17.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98567

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 17-июну № 333 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык телерадиоборбору" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, техникалык жактан модернизациялоо жана башка пландалган иштерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-4-пунктундагы "көчмө теле студияны сатып алууга" деген сөздөр "ишкананы техникалык модернизациялоого" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
