# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 307
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98542>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18862/edition/749297/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98542.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (30.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98542

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 7-июну № 307 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө Мамлекеттик жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшүүчү финансы каражаттарын жайыт комитеттери тарабынан пайдалануунун айкындуулугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнү белгилөө тартиби жөнүндө типтүү жобонун 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

"31. Жайыттарды пайдалануу үчүн каражаттар казыналык система аркылуу түшөт жана сарпталат.".

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
