Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 „Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө“ токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 3-июну № 299 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Аба кемелеринин учуу коопсуздугун, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кыймылын тейлөөнүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле республиканын аэропортторунда аэронавигациялык жабдууларды модернизациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-5-пункт менен толукталсын:
"1-5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасына 2015-2016-жылдардагы финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешенин 25 пайызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алыш-бериш эсебине которууга уруксат берилсин.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2011 · № 62
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон