Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 3-июну № 296 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында аскердик-экономикалык кызматташтыкты, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 "Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктундагы "тиркемеге ылайык курамда" деген сөздөр алып салынсын; жогоруда аталган токтомдун "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы" деген тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген жободо:
- 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Комиссия мамлекеттик органдардын же алардын орун басарларынын жетекчилеринин ичинен түзүлөт, алардын карамагында аскердик-техникалык кызматташтык маселелери болот. Комиссияны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жетектейт. Комиссиянын жекече курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө"; 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы түзүлсүн."; жогоруда аталган токтомдун "Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы" деген тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жекече курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилээри белгиленсин.".
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майындагы № 34 "Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен…Постановление · 08.05.2009 · № 284
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 " Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык…Постановление · 25.11.2005 · № 538
- Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын…Положение · 25.11.2005 · № 538
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.08.2010 · № 179 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.10.2012 · № 753 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майы № 234 "Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык…Постановление · 19.05.2008 · № 234 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 " Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык…Постановление · 25.11.2005 · № 538
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2009-жылдын 8-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен…Постановление · 08.05.2009 · № 284
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.08.2010 · № 179 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.10.2012 · № 753 · Күчүн жоготкон