# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 316 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 31-мартында кол коюлган Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун академиясынын мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 316 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 31-мартында кол коюлган Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун академиясынын мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 316
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98534>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18854/edition/799011/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98534.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 316 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 31-мартында кол коюлган Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун академиясынын мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу" токтому (15.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98534

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-июну № 316 Бишкек шаарында 2016-жылдын 31-мартында кол коюлган Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун академиясынын мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында 2016-жылдын 31-мартында кол коюлган Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун академиясынын мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө тиркелген меморандум бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Бишкек шаарындагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун борборуна билдирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул Меморандумду ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
