# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июнундагы № 342 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июнундагы № 342 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 342
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98532>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18852/edition/742159/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98532.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июнундагы № 342 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому (20.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98532

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 20-июну № 342 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Кыргыз Республикасынын алтын казуу өнөр жай тармагын өнүктүрүү, жер казынасын пайдалануучулардын өндүрүштө алдынкы заманбап жаратылышты коргоо технологияларын киргизүүсүн колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кооптуу калдыктардын классификаторунда:

01-калдыктар тобунун "Минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринен кийинки калдыктар" жана "Минералдык чийки затты уулуу реагенттерди колдонуу менен кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринен кийинки калдыктар" позициялары төмөнкү редакцияда берилсин: "

Минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринен кийинки калдыктар:

01022

- кен казып алуу өнөр жайында токсикалык заттарды пайдалануу менен минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде зыянсыздандырылбаган калдыктар;

№ 010200/Р 00/Q 11/WS13/T2/C00/H00/D(R) 00/GD000

- кен казып алуу өнөр жайында минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде цианиддин концентрациясы 50 мг/л жетпеген зыянсыздандырылган калдыктар;

№ 010200/Р 00/Q 11/WS13/T3/C00/H00/D(R) 00/GD000

- кен казып алуу өнөр жайында минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде цианиддин концентрациясы 5 мг/л төмөн зыянсыздандырылган калдыктар;

№ 010200/Р 00/Q 11/WS13/T4/C00/H00/D(R) 00/GD000

- кен казып алуу өнөр жайында минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде цианиддин концентрациясы 5 мг/л төмөн, айланма суу менен жабдуу системасы пайдаланылган, жарым-жартылай кургак нымдулуугу 30% ашпаган зыянсыздандырылган калдыктар

№ 010200/Р 00/Q 11/WS13/T5/C00/H00/D(R) 00/GD000

Минералдык чийки затты уулуу реагенттерди колдонуу менен кайра иштетүүнүн физикалык жана химиялык процесстеринен кийинки калдыктар:

01032

- кен казып алуу өнөр жайында токсикалык заттарды пайдалануу менен минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде зыянсыздандырылбаган калдыктар;

№ 010205/Р 00/Q 11/WM1/T2/C00/H00/D(R) 00/GD000

- кен казып алуу өнөр жайында минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде цианиддин концентрациясы 50 мг/л жетпеген зыянсыздандырылган калдыктар;

№ 010205/Р 00/Q 11/WM1/T3/C00/H00/D(R) 00/GD000

- кен казып алуу өнөр жайында минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде цианиддин концентрациясы 5 мг/л төмөн зыянсыздандырылган калдыктар;

№ 010205/Р 00/Q 11/WM1/T4/C00/H00/D(R) 00/GD000

- кен казып алуу өнөр жайында минералдык сырьену кайра иштетүүдө физикалык жана химиялык процесстеринде цианиддин концентрациясы 5 мг/л төмөн, айланма суу менен жабдуу системасы пайдаланылган, жарым-жартылай кургак нымдулуугу 30% ашпаган зыянсыздандырылган калдыктар

№ 010205/Р 00/Q 11/WM1/T5/C00/H00/D(R) 00/GD000

".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
