Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 мая 2024 года № 231 "О порядке финансирования государственных образовательных организаций начального и среднего профессионального образования Министерства образования и науки Кыргызской Республики и организаций высшего профессионального образования Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-05-10.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 1-июлу № 370 Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 406, 2017-жылдын 3-февралындагы № 71, 2017-жылдын 2-июнундагы № 339, 2017-жылдын 23-июнундагы № 404, 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 591, 2018-жылдын 15-майындагы № 234 , 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын каржылоонун бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн аныктоонун методикасы 2-тиркемеге ылайык;
- 2016/2017-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли жана даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине киргизилүүчү түзөтүү коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби:
2016-жылдын 1-сентябрынан тартып колдонууга киргизиле тургандыгы; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайларына карата колдонулбай тургандыгы;
- (бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 406 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (алтынчы абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 406 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик билим берүү грантынын келерки окуу жылдары үчүн базалык деңгээли кабыл алынганга чейин ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли колдонулат;
- кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарынын жетекчилери мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде каржылоонун шарттарында көзөмөлчүлүк кеңеши менен макулдашуу боюнча бюджеттик жана атайын каражаттардын чыгашалар сметасынын чектеринде, ал эми кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн калган уюмдарынын жетекчилери - көзөмөлчүлүк кеңеши менен макулдашуу боюнча атайын каражаттардын чыгашалар сметасынын чектеринде штаттык санды өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2016-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу маселелер боюнча калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 591 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
3-тиркеме 2016/2017-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли жана даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине киргизилүүчү түзөтүү коэффициенттери (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 71, 2017-жылдын 2-июнундагы № 339, 2017-жылдын 23-июнундагы № 404, 2018-жылдын 15-майындагы № 234 , 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. 2016/2017-окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли
Көрсөткүчтөрдүн аталышы
Өлчөмү (сом менен)
Мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли
26360
анын ичинде эмгек акысына, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерилүүчү чыгымдар
20075
Эскертүү: мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлинде эмгек акыга кетүүчү чыгымдар мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүн жыл сайын индексациялоо максатында аныкталды.
2. Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине киргизилүүчү түзөтүү коэффициенттери
№
Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топторунун аталышы
Түзөтүү коэффициенти
1
Билим берүү
1,00
2
Курулуш, экономика жана башкаруу, экология, туризм
1,00
3
Энергетика
1,15
4
Кен казуу өнөр жайы, транспорт, айыл чарба
1,10
5
Саламаттык сактоо, дене тарбия
1,50
6
Музыка искусствосу
5,80
6-1
Көркөм искусство
4,72
7
Маданият, искусство (музыкалык, көркөм искусствону кошпогондо)
2,70
8
Компьютердик технологиялар, телекоммуникация жана байланыш
1,20
9
Жабдуулар, технологиялык адистиктер
1,30
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 17 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (17)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим…Постановление · 10.05.2024 · № 231
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябры № 608 "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө…Постановление · 17.11.2023 · № 608
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 348 "Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышынын аудитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз…Постановление · 24.12.2021 · № 348
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн аныктоонун МЕТОДИКАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын…Методика · 01.07.2016 · № 370 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун…Порядок · 01.07.2016 · № 370 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 406 токтомуПостановление · 20.07.2016 · № 406
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 71 токтомуПостановление · 03.02.2017 · № 71
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы № 234 токтомуПостановление · 15.05.2018 · № 234
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын…Постановление · 02.06.2017 · № 339 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын…Постановление · 20.07.2016 · № 406 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим…Постановление · 03.02.2017 · № 71 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын…Постановление · 20.09.2017 · № 591 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2018 · № 234 · Күчүн жоготкон
- КР финансы министрлигинин 2016-жылдын 8-декабрындагы № 198-П "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын колдонуу…Приказ · 08.12.2016 · № 198-п · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 404 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 404 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (10)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим…Постановление · 10.05.2024 · № 231
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын…Постановление · 20.07.2016 · № 406 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын…Постановление · 20.09.2017 · № 591 · Күчүн жоготкон
10 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон