# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июнундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июнундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 357
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98525>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18847/edition/749277/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98525.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июнундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (31.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98525

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 656 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 27-июну № 357 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө жобо";

токтомдун мамлекеттик тилдеги текстинин 1-пунктундагы "сактоочулары" жана "сактоочу" деген сөздөр "куткаруучулары" жана "куткаруучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жобонун мамлекеттик тилдеги текстинде:

- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "сактоо" жана "сактоочу" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө жана санда "куткаруу" жана "куткаруучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын";

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жободо:

- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3.14-пунктунун алтынчы абзацындагы "Кыргыз Республикасынын сактоочуларын даярдоонун Улуттук борбору" деген сөздөр "Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү бөлүмдөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7.14-пункту "финансылык" деген сөздөн кийин ", медициналык" деген сөз менен толукталсын;

- 10.5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тийиштүү Жарандык коргонуу штабынан" деген сөздөр "Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 10.6-пунктундагы "штаб" деген сөз "Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аймактык органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
