Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы № 19 „Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 31 октября 2024 года № 656 "Об утверждении Положения о спасателях и добровольных спасательных формированиях Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-10-31.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 656 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 27-июну № 357 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө жобо";
токтомдун мамлекеттик тилдеги текстинин 1-пунктундагы "сактоочулары" жана "сактоочу" деген сөздөр "куткаруучулары" жана "куткаруучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жобонун мамлекеттик тилдеги текстинде:
- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "сактоо" жана "сактоочу" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө жана санда "куткаруу" жана "куткаруучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.14-пунктунун алтынчы абзацындагы "Кыргыз Республикасынын сактоочуларын даярдоонун Улуттук борбору" деген сөздөр "Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү бөлүмдөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7.14-пункту "финансылык" деген сөздөн кийин ", медициналык" деген сөз менен толукталсын;
- 10.5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тийиштүү Жарандык коргонуу штабынан" деген сөздөр "Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10.6-пунктундагы "штаб" деген сөз "Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аймактык органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Положение о спасателях и добровольных спасательных формированиях Кыргызской Республики (Утверждено Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 14 января 2002 года N 19)Положение · 14.01.2002 · № 19 · Күчүн жоготкон
- 2002-жылдын 14-январындагы N 19 "Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 14.01.2002 · № 19 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 35
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябры № 656 "Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 31.10.2024 · № 656
- 2002-жылдын 14-январындагы N 19 "Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 14.01.2002 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон