# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-июнундагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-июнундагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 345
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98512>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18835/edition/735260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98512.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-июнундагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98512

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 22-июну № 345 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

С.Жээнбеков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 333-статьянын 3-бөлүгүндөгү "эсепке албастан" деген сөздөр "эсепке алуу менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 335-статьянын 1-бөлүгү "иштеген адамдар үчүн" деген сөздөрдөн кийин "бийик тоолуу шарттардагы эмгек акысына райондук коэффициенттерден жана иш стажы үчүн кызматтык маянасына үстөктөрдөн башка" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
