# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 280
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98510>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18833/edition/761352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98510.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (24.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98510

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2016-жылдын 27-майы № 280

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 711, 2024-жылдын 16-февралындагы № 60, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 153, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154, 2024-жылдын 6-июнундагы № 295, 2024-жылдын 7-июнундагы № 297 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Саламаттык сактоо системасынын мамлекеттик илимий мекемелеринде башкаруучулук ишти тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставында:

- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24. Борбордун директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставында:

- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23. Борбордун жетекчисин шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат".

5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 297 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставында:

- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:

"- илимий кадрларды даярдоону (изденүүчүлүк, аспирантура, докторантура), анын ичинде коммерциялык негизде жүзөгө ашырат;

- медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларына катышат.";

- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"18. "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директорун шайлоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекеме жөнүндө типтүү жобого жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы бекиткен регламентке ылайык жүзөгө ашырылат".

8. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 295 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

9 (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы N 711 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

10. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы N 711 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
