# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 311
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18831/edition/794266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу жөнүндө" токтому (14.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98508

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-июну № 311 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу жөнүндө "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун" органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Маймак" станциясы дареги боюнча жайгашкан № 29 мекемеси (№ 29 жатак-абак) жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:

- түзөтүү мекемесинин персоналын ишке орноштурууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансы-материалдык баалуулуктарын өткөрүп берүүгө тиешелүү маселелерди чечсин;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мекемени жоюуга байланышкан тийиштүү иш-чараларды белгиленген тартипте жүргүзсүн жана жоюу комиссиясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
