Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-июну № 311 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 29 мекемесин (№ 29 жатак-абак) жоюу жөнүндө "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун" органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Маймак" станциясы дареги боюнча жайгашкан № 29 мекемеси (№ 29 жатак-абак) жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- түзөтүү мекемесинин персоналын ишке орноштурууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансы-материалдык баалуулуктарын өткөрүп берүүгө тиешелүү маселелерди чечсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мекемени жоюуга байланышкан тийиштүү иш-чараларды белгиленген тартипте жүргүзсүн жана жоюу комиссиясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 369-б " 2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 19.10.2018 · № 369-б
- Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австралия Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү Австралиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2002-жылдын…Закон · 30.03.2009 · № 112