# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 293
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18821/edition/749245/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (14.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98498

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 2-июну № 293 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650, 2026-жылдын 14-мартындагы № 178 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерин "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 265 "Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жободо:

- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22. Акциялардын чыгарылышын, баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.";

- 59-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"59. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоого албоо жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.";

- 73-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"73. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн."; 98 жана 99-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

98. "Акциялардын чыгарылышынын ишке ашпай калышы жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.

99. Акциялардын чыгарылышынын жыйынтыктары ишке ашты деп таанылгандан кийин акциялардын чыгарылышы "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жараксыз деп таанылышы мүмкүн.".

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 "Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жободо:

- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Талапкер апелляциялык комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, бул чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте доо-арыз берилиши мүмкүн.".

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
