# КР Өкмөтүнөн 2016-жылдын 30-майындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн желеги тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнөн 2016-жылдын 30-майындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн желеги тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 281
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98491>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18815/edition/749235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98491.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнөн 2016-жылдын 30-майындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн желеги тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98491

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 30-майы № 281 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн желеги тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Аскердик салттарды бекемдөө жана улантуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн желеги жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн желегин даярдоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментине мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын чегинде ишке ашырылаары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
