# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 286 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 286 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 286
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.09.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98487>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18811/edition/738073/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98487.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 286 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" токтому (16.09.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98487

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы № 495 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 31-майы № 286 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучуларынын тамагын уюштуруу жана тамак берүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучулары үчүн тамак-аштын суткалык ченеми тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучулары үчүн тамак-аш ченемдерин камсыздоого кошумча каражаттарды издештирсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы лицейинин тарбиялануучулары үчүн тамак-аштын суткалык ченеми

№

Продуктулардын аталышы

1 адамга суткасына тамак-аш продуктуларынын массасы (грамм менен)

1

Кара буудайдын майдаланганынан жана 1 сорттогу буудай унунун аралашмасынан нан

250

2

1 сорттогу буудай унунан ак нан

400

3

Печенье

20

4

1 сорттогу буудай уну

30

5

Ар түрдүү акшак (анын ичинде буурчак)

70

6

Күрүч

35

7

Макарон азыктары

30

8

Эт

150

9

Балык

100

10

Өсүмдүк майы

30

11

Каймак май

35

12

Сүт

200

13

Каймак

25

14

Быштак

25

15

Жумурдун уузу кошулган катуу сыр

10

16

Жумуртка, даана

1

17

Кумшекер

65

18

Аш тузу

20

19

Чай

1

20

Кофе суусундугу же какао (порошок)

4

21

Лавр жалбырагы

0,2

22

Калемпир

0,3

23

Горчица порошогу

0,3

24

Уксус

2

25

Томат пастасы

6

26

Картошка крахмалы

5

27

Пресстелген камыр ачыткы

0,1

28

Картошка

400

29

Капуста

100

30

Кызылча

30

31

Сабиз

50

32

Пияз

40

33

Чеснок

10

34

Бадыраң, помидор, тамыры жемиш өсүмдүктөр, көк-сөк

40

35

Кургатылган мөмө-жемиштер

20

36

Жаңы мөмө-жемиштер (1-июлдан баштап 1-декабрга чейин берилет)

200

37

Мөмө жемиш повидлосу же джем

20

38

Көп витаминдүү препарат "Гексавит", драже (15-апрелден баштап 15-июнга чейин берилет)

1
