# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 284 "2016-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 284 "2016-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 284
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98485>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18809/edition/1145546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98485.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-майындагы № 284 "2016-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому (31.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98485

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 31-майы № 284 2016-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын газ тармагын жөнгө салуунун ачыктыгын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесинин 4-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков

Тиркеме 2016-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдери

Жоготуулардын аталышы

2016-жыл

Газ түтүктөрүндө жаратылыш газынын жоготуулары

39,771 млн. м3

11,1%

Эскертүү: млн. м3 - газ өткөргүчтөгү жаратылыш газынын ченөө бирдиги; % - газ түтүктөрүндө жаратылыш газынын жоготууларынын пайызы.
