# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18807/edition/1289203/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому (01.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98479

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-апрели № 201 Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 177, 2018-жылдын 20-июнундагы № 293 , 2019-жылдын 28-январындагы № 25, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Коомдук саламаттык сактоо" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-1-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- "Санитардык эрежелердин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуучу) иш-чаралардын аткарылышына өндүрүштүк контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү" санитардык эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

- "Жекече электрондук-эсептөө машиналарында ишти уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 2-тиркемеге ылайык;

- "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 3-тиркемеге ылайык;

- "Калкка чачтарач жана косметикалык кызмат көрсөтүү боюнча коммуналдык-тиричиликтик багыттагы объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 4-тиркемеге ылайык;

- "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 5-тиркемеге ылайык;

- "Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 6-тиркемеге ылайык;

- "Тамак-аш азыктарын дүң жана чекене сатуучу объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 7-тиркемеге ылайык;

- "Темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 8-тиркемеге ылайык;

- "Коомдук тамак-аш объекттери үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 9-тиркемеге ылайык;

- "Жарандык авиациянын аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн жана экипаж мүчөлөрүнүн борттук тамактануусун уюштурууга санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 10-тиркемеге ылайык;

- "Убактылуу туристтик лагерлерди жана убактылуу тамактануу пункттарын уюштуруунун санитардык-эпидемиологиялык талаптары" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 11-тиркемеге ылайык;

- "Аянтка дозанын көбөйтүндүсүн өлчөгүчтөрдү пайдалануу менен рентгенологиялык изилдөөлөрдө пациенттердин жеке эффективдүү нурлануу дозасын аныктоо" санитардык эрежелери жана ченемдери 12-тиркемеге ылайык;

- "Дарылоо-алдын алуу уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 13-тиркемеге ылайык;

- "Жумушчу орунда, турак үйлөрдүн, коомдук имараттардын жайларында жана турак жай курулушунун аймагындагы ызы-чуу" санитардык эрежелери жана ченемдери 14-тиркемеге ылайык;

- "Калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы булгоочу заттардын тийгизген таасиринин болжолдуу коопсуз деңгээлдери" гигиеналык ченемдери 15-тиркемеге ылайык;

- "Чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричиликте пайдалануучу суу объектилериндеги суудагы химиялык заттардын жол берилген чектүү концентрациялары" гигиеналык ченемдери 16-тиркемеге ылайык;

- "Калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы булгоочу заттардын жол берилген чектүү концентрациялары" гигиеналык ченемдери 17-тиркемеге ылайык;

- "Иш зонасынын абасындагы зыяндуу заттардын жол берилген чектүү концентрациялары" гигиеналык ченемдери 18-тиркемеге ылайык;

- "Иш зонасынын абасындагы зыяндуу заттардын тийгизген таасиринин болжолдуу коопсуз деңгээлдери" гигиеналык ченемдери 19-тиркемеге ылайык;

- "Чарбалык-ичүүчү жана маданий-тиричиликте пайдалануучу суу объектилериндеги суудагы химиялык заттардын болжолдуу жол берилген деңгээлдери" гигиеналык ченемдери 20-тиркемеге ылайык;

- "Жер кыртышындагы химиялык заттардын жол берилген чектүү концентрациялары жана болжолдуу жол берилген саны" гигиеналык ченемдери 21-тиркемеге ылайык;

- Аквапарктарды жана бассейндерди, мончолорду, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстерин жана сауналарды, кир жуугуч жайларды жана мончо-кир жуугуч комбинаттарды, химиялык тазалоо жайларын, мейманканаларды, жатаканаларды, көрүстөндөрдү жана сөөк коюу объекттерин жайгаштырууга, жабдууга, иштетүүгө жана алардын түзүлүшүнө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 22-тиркемеге ылайык;

- "Калктын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 23-тиркемеге ылайык.

- Ысык суу менен жабдуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, 24-тиркемеге ылайык;

- "Ультра кызгылт көк нурлануу методу менен ичүүчү сууну зыянсыздандыруу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, 25-тиркемеге ылайык;

- "Коомдук дааратканаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптар" жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер, 26-тиркемеге ылайык;

- "Сууну тазалоо жана сууну даярдоо үчүн пайдаланылган материалдардын, реагенттердин, жабдуулардын коопсуздугу боюнча гигиеналык талаптар" жөнүндө санитардык эрежелер жана гигиеналык ченемдер, 27-тиркемеге ылайык.

- "Турак жайларды жана коомдук имараттардын жайларын табигый, жасалма жана аралаш жарыктандырууга карата гигиеналык талаптар" санитардык эрежелери жана гигиеналык ченемдери 28-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 177, 2018-жылдын 20-июнундагы № 293, 2019-жылдын 28-январындагы № 25, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан дарылоо-алдын алуу уюмдары беш жылдын ичинде ушул токтом кабыл алынганга чейин эксплуатациялоого киргизилген колдонуудагы жайларды ушул токтом менен бекитилген "Дарылоо-алдын алуу уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине шайкеш келтирүүнү камсыз кылышсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 17-майында № 41 жарыяланды

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 177 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министри

Т.Сариев
