# КР Ɵкмɵтүнүн 2016-жылдын 24-майындагы № 273 "Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2016-жылдын 24-майындагы № 273 "Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 273
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98476>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18805/edition/749221/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98476.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2016-жылдын 24-майындагы № 273 "Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (24.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98476

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 24-майы № 273 Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө Аманатчылардын (катышуучулардын) жана камсыздандырылган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
