# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 292
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98475>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18804/edition/849828/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98475.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтому (05.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98475

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 1-июну № 292 Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 673, 2017-жылдын 11-октябрындагы № 658 токтомдорунун редакциясына ылайык) Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлеринин финансылык туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 9-1-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмүнө талаптар белгиленсин:

- өмүрдү топтомо камсыздандырууну кошпогондо камсыздандыруунун жана/же кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча ишти жүзөгө ашырган камсыздандыруу уюмдарына 30000000 (отуз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;

- өмүрдү топтомо камсыздандырууну кошкондо камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу жана милдеттүү түрлөрү боюнча ишти жүзөгө ашырган камсыздандыруу уюмдарына 2017-жылдын 1-январына чейин 100000000 (жүз миллион) сомдон кем эмес, ал эми 2017-жылдын 1-июлунан тартып 150000000 (жүз элүү миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;

- кайра камсыздандыруу боюнча гана ишти жүзөгө ашырган камсыздандыруу уюмдарына 2017-жылдын 1-июлуна чейин 300000000 (үч жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;

- Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналардын аймагында кайра камсыздандыруу боюнча гана иштеген камсыздандыруу уюмдарына 100000000 (жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;

- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерине 1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 673, 2017-жылдын 11-октябрындагы № 658 токтомдорунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 300 "Камсыздандыруу уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
