Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн иштетиле элек камыш кантын алып келүүгө квоталарды бөлүштүрүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 26-майы № 275 Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн иштетиле элек камыш кантын алып келүүгө квоталарды бөлүштүрүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн иштетиле элек камыш кантын алып келүүнүн жол-жоболорун тартипке салуу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2015-жылдын 8-майында кол коюлган протоколдун 44-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн иштетиле элек камыш кантын алып келүүгө квоталарды бөлүштүрүүнүн эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2015-жылдын 8-майындагы № 5 "Мамлекеттик. чек аранын кыргыз-казакстан участогу аркылуу өтүүчү товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык контролдоону жокко чыгаруу жөнүндө" чечими күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын…Постановление · 01.06.2016 · № 292 · Күчүн жоготкон