# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98468>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18798/edition/1256104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98468.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98468

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 19-майы № 269 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен төмөнкүлөр кайра сурап алынсын:

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- "Товарларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен маркалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 739 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 775 "Товарларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен маркалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
