# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 261
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98461>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18792/edition/1161811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98461.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (16.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98461

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 253 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 17-майы № 261 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 127, 2022-жылдын 25-мартындагы № 166, 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомдоруна ылайык күчүн жоготту) Бизнес-чөйрөсүн жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери боюнча мамлекет менен бизнес-коомдоштуктун натыйжалуу диалогун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 5-пунктундагы "стратегиялык өнүктүрүү" деген сөздөр "инвестициялар" деген сөз менен алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө жободо:

2-пунктунда:

- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- экономика жана инвестициялар маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;"; төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);".

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 127, 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомдоруна ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков
