# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы № 254 "Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга (экспорттук) бажы алымдарынын ташып чыгуу ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы № 254 "Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга (экспорттук) бажы алымдарынын ташып чыгуу ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98456>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18789/edition/749193/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98456.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы № 254 "Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга (экспорттук) бажы алымдарынын ташып чыгуу ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому (27.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98456

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы N 595 токтомуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 16-майы № 254 Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга (экспорттук) бажы алымдарынын ташып чыгуу ставкаларын бекитүү жөнүндө Ички чийки зат рыногун коргоо жана булгаары ишканаларын туруктуу иш менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын бажы тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгуунун (экспорттук) бажы алымдарынын ташып чыгуу ставкасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн ташып чыгуунун бажы алымдарынын ташып чыгуу ставкасы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан жана 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган Эркин соода зонасы жөнүндө келишимдин жана эркин соода зонасы жөнүндө макулдашуулардын катышуучусу Кыргыз Республикасы болгон - мамлекеттердин бажы аймагынан сырткары ташылып чыгуучу товарларга карата колдонулары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жана Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды контрабандалык жолу менен ташып чыгууга (экспортко) бөгөт коюуга багытталган керектүү чараларды көрүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду кабыл алгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду кабыл алгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

С.Жээнбеков

Тиркеме Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга бажы алымдарынын ташып чыгуу (экспорттук) СТАВКАЛАРЫ

№

ЕАЭБ ТЭИ ТН коду

Продукциянын аталышы

Бажы алымдарынын ставкасы пайыз менен

1

4101503000

Бодо малдын (буйволдорду кошкондо) же жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилери (жылуулай же туздалганы, кургатылганы, күл же пикелеван менен же башка ыкма менен ашатылганы, бирок ийленбеген, пергамент алдында иштетилбеген же андан ары иштетүүгө кабылбаган), жүндүү же жүнсүз, кабатталган же кабатталбаган: ным бойдон туздалган

20%, бирок 1000 кг үчүн 200 евродон кем эмес

2

4101505000

Бодо малдын (буйволдорду кошкондо) же жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилери (жылуулай же туздалганы, кургатылганы, күл же пикелеван менен же башка ыкма менен ашатылганы, бирок ийленбеген, пергамент алдында иштетилбеген же андан ары иштетүүгө кабылбаган), жүндүү же жүнсүз, кабатталган же кабатталбаган: кургатылган же кургак туздалган

20%, бирок 1000 кг үчүн 200 евродон кем эмес

3

4101509000

Салмагы 16 кг дан ашкан бүтүн терилер: башкалар

20%, бирок 1000 кг үчүн 200 евродон кем эмес
