# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98452>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18785/edition/1145544/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98452.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" (13.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98452

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-майы № 248 Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр жактырылсын:

- Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет;

- "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөр жиберилсин:

- Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет;

- "Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган отчетту жана Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

С.Жээнбеков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу 1-берене. Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет 113899213,5 миң сом суммасында кирешелер боюнча, 120427181,8 миң сом суммасында чыгашалар боюнча атайын каражаттарды, 6527968,3 миң сом суммасында чыгашалардын кирешелерден ашыкча экендигин эске алуу менен бекитилсин. 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
