# Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98440>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-304/edition/1228639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 токтому менен бекитилген) (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98440

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 токтому менен бекитилген

Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн ТАРТИБИ (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 349, 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Ушул Тартип турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды (мындан ары - инженердик тармактар), объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга (мындан ары - адистештирилген уюмдар) өткөрүп берүү тартибин аныктайт.

2. Адистештирилген уюм - объектини инженердик тармактарга кошуу үчүн белгиленген тартипте техникалык шарттарды берүүчү жана негизги объектини эксплуатациялоого киргизүүнүн белгиленген тартипте берилген жана катталган актысынын негизинде эксплуатациялоону ишке ашыруучу уюм.

3. Мамлекеттик менчик формасындагы юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган объекттерди өткөрүп берүү аталган объекттерди мамлекеттик менчикке кабыл алуудан кийин жүзөгө ашырылат.

Муниципалдык менчик формасындагы юридикалык жактарга мамлекеттик менчикте турган объекттерди өткөрүп берүү аталган объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алгандан кийин жүргүзүлөт.

4. Юридикалык жана жеке жактардын менчиги болуп саналган инженердик тармактарды адистештирилген уюмдун балансына акысыз өткөрүп берүү мүлктүн жеке менчик ээси тарабынан негизги объектти эксплуатациялоого киргизүү боюнча белгиленген тартипте берилген жана катталган актынын негизинде жүргүзүлөт.

Мүлктүн жеке менчик ээсинин жана адистештирилген уюмдун ыйгарым укуктуу жактары инженердик тармактарга техникалык инвентаризация жүргүзөт жана инвентаризациялоо актысын түзөт. Ыйгарым укуктуу жактардын иштеринин жыйынтыктары боюнча жана инвентаризациялоо материалдарынын негизинде ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлөт. Кабыл алуу-өткөрүү актысы эки нускада түзүлөт жана төмөнкүлөргө жөнөтүлөт:

- биринчи нускасы - адистештирилген уюмга;

- экинчи нускасы - инженердик тармактарды өткөрүп берүүчү уюмга.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген инженердик тармактарды муниципалдык менчикке өткөрүп берүүдө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, муниципалдык ишкананын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлдөрү кирген комиссия түзүлөт. Мында комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин муниципалдык ишкананын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлдөрү түзүшөт.

Комиссиянын төрагасы болуп комиссиянын чечимин кабыл алууда чечүүчү добуш укугуна ээ болгон, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлү эсептелет. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 349, 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 5-1-пункт. Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген инженердик тармактарды 50 пайыздан ашык мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун жана/же адистештирилген уюмдардын менчигине өткөрүп берүүдө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана 50 пайыздан ашык мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун жана/же адистештирилген уюмдун өкүлдөрү кирген комиссия түзүлөт. Мында, комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин 50 пайыздан ашык мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун жана/же адистештирилген уюмдун өкүлдөрү түзүшөт. Комиссиянын төрагасы болуп комиссиянын чечимин кабыл алууда чечүүчү добуш укугуна ээ болгон, 50 пайыздан ашык мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун жана/же адистештирилген уюмдун өкүлү эсептелет. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 349, 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

6. Комиссия инженердик тармактарга техникалык инвентаризациялоо жүргүзөт жана инвентаризациялоонун актысын түзөт.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча жана инвентаризациялоонун материалдарынын негизинде ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы төрт нускада түзүлөт жана төмөнкүлөргө жөнөтүлөт:

- 1-нускасы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына;

- 2-нускасы - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына;

- 3-нускасы - адистештирилген уюмга;

- 4-нускасы - инженердик тармакты өткөрүп берүүчү уюмга.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Комиссия инженердик тармакты адистештирилген уюмдун менчигине өткөрүп берүү боюнча ишин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлгөн күндөн баштап бир айдын ичинде аяктайт.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Комиссиянын иши аяктагандан кийин, адистештирилген уюм инженердик тармакты менчигине кабыл алат жана алардын мындан аркы сакталышына жоопкерчиликте болот. Инженердик тармакты менчигине кабыл алуу фактысы ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы жана адистештирилген уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

"Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартибине 1-тиркеме

Форма Инженердик тармактарды кабыл алуу-өткөрүү АКТЫСЫ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (объекттин аталышы, жайгашкан жери) (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 токтомунун редакциясына ылайык) 20\_\_-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ негизинде, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ жеке менчигине өткөрүлүп берилүүчү мүлктүк комплекске кирген инженердик тармактарга инвентаризациялоо жүргүзүлдү. Кабыл алуу (өткөрүү) учурунда инвентаризациялоо актысына ылайык \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ негизги каражаттардын наркы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сомду түздү. Инженердик тармактардын алгачкы наркы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сом. Инженердик тармактардын эскирүүсүнүн суммасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сом. Инженердик тармактардын калдык суммасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сом. Техникалык абалын эске алуу менен инженердик тармактардын кыскача мүнөздөмөсү:

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ж.б.

Корутунду: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Тиркемелер:

1. Инвентаризациялоо актысы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ барак.

2. Техникалык документтер \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ бирдик.

3. Чиймелер, схемалар ж.б.

3.1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3.2. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3.3. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(аталышы жана барактардын саны)

Мүлктүн жеке менчик ээси

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу, аты-жөнү)

Адистештирилген уюмдун жетекчиси

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу, аты-жөнү)

Мүлктүн жеке менчик ээсинин ыйгарым укуктуу жагы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу, аты-жөнү)

Адистештирилген уюмдун ыйгарым укуктуу жагы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу, аты-жөнү)

Өткөрүп берген:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(кызмат орду, колу, аты-жөнү)

Кабыл алган:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(кызмат орду, колу, аты-жөнү)".

Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарда аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартибине 2-тиркеме

Форма Негизги каражаттарды кабыл алуу-өткөрүү АКТЫСЫ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (объектинин аталышы, турган жери) 20\_\_\_-жылдын "\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ негизинде, мүлктүк комплекске кирүүчү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ менчигине өткөрүлүп берилүүчү инженердик тармактарды инвентаризациялоо жүргүзүлдү Кабыл алуу (өткөрүү) учурунда инженердик тармактардын \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ наркы инвентаризациялоо актысына ылайык \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сомду түздү Инженердик тармактардын алгачкы наркы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сом Иштен чыккан инженердик тармактардын суммасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сом Инженердик тармактардын калдык суммасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ миң сом Техникалык абалын эске алуу менен инженердик тармактардын кыскача мүнөздөмөсү:

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Комиссиянын корутундусу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Тиркеме:

1. Инвентаризациялоо актысы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ барак;

2. Техникалык документация \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ бирдик;

3. Чиймелер, схемалар ж.б.

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(аталышы жана барактардын саны)

Комиссиянын төрагасы:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу, аты-жөнү)

Комиссиянын мүчөлөрү:

1. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу, аты-жөнү)

2. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу, аты-жөнү)

3. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу, аты-жөнү)

Өткөрдү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кызмат орду, колу, аты-жөнү)

Кабыл алды: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кызмат орду, колу, аты-жөнү)
