# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18774/edition/1228373/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98439

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-апрели № 206 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелерине ылайык пайдадан салыкты жана кошумча наркка салыкты төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;

- турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Т.Сариев

1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189 жана 253-беренелерине ылайык пайдадан салыкты жана кошумча наркка салыкты төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдардын ТИЗМЕГИ

№

Уюмдардын аталышы

Идентификациялык салык номери

1

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы

00211199210036

2

Ош "Ошсууканал" муниципалдык ишканасы

02201200410193

3

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы

00205199410037

4

"Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому

01206200110146

5

"Түндүкэлектр" ачык акционердик коому

02505200110080

6

"Чыгышэлектр" ачык акционердик коому

01206200110193

7

"Ошэлектр" ачык акционердик коому

02805200110091

8

"Жалалабатэлектр" ачык акционердик коому

00506200110079

9

Жалал-Абад мэриясына караштуу "Жалал-Абадсууканал" башкармалыгы

01107199410089

10

"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы

02711199010024
