# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 238 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 238 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 238
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18770/edition/1256056/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 238 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98435

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-майы № 238 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

С.Жээнбеков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 331-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 5-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Мамлекеттик карыздын чоңдугу карыз туруктуулугунун эл аралык көрсөткүчтөрүн эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана кезектеги бюджеттик жылга жана эки болжолдонуучу мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамында каралат.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
