Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 4 декабря 2025 № 778 "Об установлении норм командировочных расходов и порядке их возмещения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-12-04.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-майы № 241 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Командировкага жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун ченемдерин актуалдаштыруу, отчеттуулукту берүүнү оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
-1-пункттун экинчи абзацындагы «250» жана «300» деген цифралар тиешелүү түрдө «500» жана «600» деген цифралар менен алмаштырылсын; -2-пункттун экинчи абзацы «тиркемесине ылайык өлчөмдө» деген сөздөрдөн кийин «, бышыктоочу документтерди тапшыруусуз» деген сөздөр менен толукталсын; -жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин «Турак жайды суткасына ижаралоо боюнча чыгымдардын ордун толтуруунун чектик нормалары» графасындагы «чейин» деген сөздөр алып салынсын; -3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3. Төмөнкүлөр белгиленсин: -кызматкерди Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка командировкага жиберүү командировкалык күбөлүктү тариздөөсүз жумуш берүүчүнүн буйругунун (тескемесинин) негизинде жүргүзүлөөрү; -командировкалык чыгымдардын нормаларын көбөйтүү менен байланышкан кошумча чыгымдар мамлекеттик мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тийиштүү жылдын бюджетинде каралган каражаттардын чектеринде жүргүзүлөөрү.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми ушул токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы 2017-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 445 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баңгизаттарга каршы программасын жана…Постановление · 10.08.2022 · № 445
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 "Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2025 · № 778
- Көк-Бел айылдык кеңешинин 2017-жылдын 30-июнундагы № XIV-08 "Сапардык чыгымдарга кошумча акча каражатын кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2017 · № XIV-08
- Көк-Жар айылдык кенешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 34-3 "2019-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук текшерүүсүнүн натыйжасына…Постановление · 14.01.2020 · № 34-3
- Көк-Бел айылдык кеңешинин 2017-жылдын 30-июнундагы № XIV-03 "Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки аткарылышы…Постановление · 30.06.2017 · № XIV-03
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 852 "2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясын жеңүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 30.12.2017 · № 852 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 "Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2025 · № 778
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон