Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 6-апрели № 175 "2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри бул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Т.Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 29-майында Казахстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 1-берене. 2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 25-майындагы № 581-VI "2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык…Постановление · 25.05.2016 · № 581-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 25-майындагы № 580-VI "2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык…Постановление · 25.05.2016 · № 580-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 25-майындагы № 582-VI "2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык…Постановление · 25.05.2016 · № 582-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө-мамлекеттердин жана экинчи тараптан…Закон · 01.06.2016 · № 77
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон