# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы N 387 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы N 387 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 387
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18746/edition/721816/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы N 387 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (11.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98407

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 30-июлу N 387 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 4-июнундагы N 174 буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги N 191 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча "Темир" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча "Темир" мамлекеттик ишканасынын Уставына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

"Жалпы жоболор" деген 1 бөлүмүндө:

- Ишкананын жайгашкан орду Кыргыз Республикасы, 720000, Бишкек ш., Чүй проспектиси 100/5" деген сөздөр "Ишкананын жайгашкан орду Кыргыз Республикасы, Чүй областы 722191, Аламүдүн айылы, Набережная көчөсү 300" деген сөздөргө алмаштырылсын.

"Ишкананы башкаруу" деген 4 бөлүмүндө:

- 4.2. пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай Министринин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 4.4. пунктундагы "Ишкананын директорунун сунушу боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай Министринин сунушу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык күчүн жоготот)

Премьер-министри

К.Бакиев
