# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-февралыдагы № 60 "Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 127 "1947-жылдын 21- ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-февралыдагы № 60 "Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 127 "1947-жылдын 21- ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98403>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18743/edition/703980/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98403.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-февралыдагы № 60 "Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 127 "1947-жылдын 21- ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө" токтому (12.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98403

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 12-февралы № 60 Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 127 "1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 127 "1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнундө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясынын жоболорун Кыргыз Республикасы колдоно турган БУУнун Адистештирилген мекемелеринин тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу грамотаны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлөөдө ага ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Адистештирилген мекемелердин тизмегин кошсун.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер министр

Т.А. Сариев

Тиркеме 1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясынын жоболорун Кыргыз Республикасы колдоно турган БУУнун Адистештирилген мекемелеринин тизмеги

Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ). БУУнун азык-түлүк жана айыл-чарба уюму (ФАО). Жарандык авиациянын эл аралык уюму (ИКАО). Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Бириккен Улуттар Уюму (ЮНЕСКО). Эл аралык валюта фонду (ЭВФ). Дүйнөлүк почта союзу (ДПС). Электр байланышынын эл аралык союзу (ЭБЭС). Дүйнөлүк метеорология уюму (ДМУ). Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму (ДИМУ). Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (А9ЭФ). Өнөр жайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму (ЮНИДО). Дүйнөлүк туристтик уюм (ЮНВТО).
