# Закон КР от 10 марта 2002 года №32 "О ставке платы за загрязнение окружающей среды (выбросы, сбросы загрязняющих веществ размещение отходов)"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.03.2002
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/984>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-937/edition/610126/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/984.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 10 марта 2002 года №32 "О ставке платы за загрязнение окружающей среды (выбросы, сбросы загрязняющих веществ размещение отходов)" (10.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/984

---

КР 2015-жылдын 16-январындагы № 17 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2002-жылдын 10-марты № 32 Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, агызгандык, калдыктарды жайгаштыргандык) үчүн акынын ставкасы жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/984/st-1)

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына ылайык айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, агызгандык, калдыктарды жайгаштыргандык) үчүн акынын ставкасы келтирилген булгоочу заттардын тоннасы үчүн 1,2 сом өлчөмүндө белгиленсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/984/st-2)

Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, агызгандык, калдыктарды жайгаштыргандык) үчүн акынын ставкасы айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдөрдү эсептөөдө колдонулсун.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/984/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/984/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев
