# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98397>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18737/edition/1287184/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98397.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98397

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 3-марты № 104 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 667, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 183, 2023-жылдын 4-августундагы № 393, 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 499 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 667 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө (форс-мажордук) жагдайларда медициналык арналыштагы гуманитардык жардамды ташып кирүүнү жөнгө салуу боюнча өкмөттүк комиссия түзүү жөнүндө " токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Т.Сариев

Тиркеме "Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары - Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары - Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору - Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). Координациялык кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи (макулдашуу боюнча); Орус Православ чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча).".
