# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/98391>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-18733/edition/733880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/98391.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (26.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/98391

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 215 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-марты № 124 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Республиканын отун-энергетикалык комплексинин туруктуу иштөөсү жана 2015/2016-жылдын жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБин жергиликтүү көмүр менен камсыздоо, ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын ата мекендик көмүр өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Таш-Көмүр кенинен 50 миң тонна көмүрдү Бишкек шаарынын ЖЭБине жеткирүүнү камсыздоо мүмкүнчүлүгүн кароо.".

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Т.Сариев
